Камчыбек Ташиев Оштогу 2 тургунга баласы салып берген үйлөрдү тапшырды. Сүрөт
Камчыбек Ташиев Оштогу 2 тургунга баласы салып берген үйлөрдү тапшырды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу селден жабыркаган эки тургунга баласы салып берген үйлөрдүн ачкычын тапшырды. 11.10.2024, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу селден жабыркаган эки тургунга баласы салып берген үйлөрдүн ачкычын тапшырды. Беш бөлмөлүү үйлөр Тай-Мурас Ташиевдин каражатынан айылдагы төрт балалуу жалгыз бой эне менен дагы бир тургунга эки айда салынып берилген.Эске салсак, июлда Кара-Суу районунун Мады айылында сел жүрүп, турак жайлар жарактан чыккан эле. Анда УКМК төрагасынын уулу эки үй-бүлөгө үй куруп берүүнү убадалаган.
Анда УКМК төрагасынын уулу эки үй-бүлөгө үй куруп берүүнү убадалаган
"Элибиздин башына кандай гана көйгөй келбесин, биз ар дайым колубуздан келген жардамыбызды берүүгө милдеттүүбүз. Мен балдарыма ар дайым эл-журтка күйүмдүү болууга, мүмкүнчүлүккө жараша жардам колун сунууга чакырып келемин жана Тай-Мурас уулумдун бул мекендештерибизге жасаган кызматы үчүн ыраазымын", — деген УКМК башчысы.
Эске салсак, июлда Кара-Суу районунун Мады айылында сел жүрүп, турак жайлар жарактан чыккан эле. Анда УКМК төрагасынын уулу эки үй-бүлөгө үй куруп берүүнү убадалаган.