https://sputnik.kg/20241001/detskiy-mir-mamleketke-kaytaryldy-1089149517.html
Бишкектин чок ортосундагы 900 млн. сомдук имарат мамлекетке кайтарылды
Бишкектин чок ортосундагы 900 млн. сомдук имарат мамлекетке кайтарылды
Sputnik Кыргызстан
Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча атайын тергөө иштери улантылууда. 01.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-01T16:30+0600
2024-10-01T16:30+0600
2024-10-01T16:30+0600
кыргызстан
бишкек
камчы көлбаев
укмк
имарат
соода борбору
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/01/1089147606_0:38:1021:612_1920x0_80_0_0_48069354402f7b8796d0ccdee243b561.jpg
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Мурдагы "Октябрдын 40 жылдыгы" тигүү фабрикасынын имаратынын айрым объектилери Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) пайдасына мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.Ведомствонун маалыматына караганда, 2004-жылы аталган ишкананын балансынан ошол учурда колдонулуп жаткан жалпы аянты 13 миң чарчы метрлик ири өнөр жай объектилери "Рос-Трейд" ЖЧКсынын (азыркы "Детский мир" соода борбору) пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган. Ал эми анын А.М.С. аттуу директору А.А. деген жарандын ишенимдүү адамы болгон.Көлбаевдин аффилирленген жактары менчиктин мыйзамсыз экендигин түшүнүп, ыктыярдуу негизде жогоруда белгиленген үч кабаттуу, аянты 2 900 чарчы метр жана наркы 900 миллион сомдон ашык имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп беришкени белгиленди. А.М.С. колго түшүп, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча атайын тергөө иштери улантылууда.
https://sputnik.kg/20240930/1-2-milliard-somduk-keni-bar-zher-mamleketke-kaytaryldy-1089108025.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/01/1089147606_47:0:974:695_1920x0_80_0_0_4744da9639ddd76c7e7edacb11db3b5e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, камчы көлбаев, укмк, имарат, соода борбору
кыргызстан, бишкек, камчы көлбаев, укмк, имарат, соода борбору
Бишкектин чок ортосундагы 900 млн. сомдук имарат мамлекетке кайтарылды
Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча атайын тергөө иштери улантылууда.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Мурдагы "Октябрдын 40 жылдыгы" тигүү фабрикасынын имаратынын айрым объектилери Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) пайдасына мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, 2004-жылы аталган ишкананын балансынан ошол учурда колдонулуп жаткан жалпы аянты 13 миң чарчы метрлик ири өнөр жай объектилери "Рос-Трейд" ЖЧКсынын (азыркы "Детский мир" соода борбору) пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган. Ал эми анын А.М.С. аттуу директору А.А. деген жарандын ишенимдүү адамы болгон.
"2009-жылы А.М.С. "Детский мир" соода борборунун жалгыз ээси болууну каалап, К.Асанбек менен өнөктөштүк мамиле түзгөн. Мында "Рос-Трейд" ЖЧКсынын үлүшүнүн 50 пайызы жана аянты 2 900 чарчы метрлик коммерциялык жайлары бар үч кабаттуу имарат Көлбаевге берилген. Ал эми 2020-жылы А.М.С. аянты 10 миң чарчы метрлик "Детский мир" соода борборунун имаратын Н.М.Р. аттуу инвесторго 6 миллион долларга сатып, келишимге ылайык, аталган сумманын 2,3 миллион доллары кримтөбөлгө берилген. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө А.М.С. кылмыштуу топту каржылаганы тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Көлбаевдин аффилирленген жактары менчиктин мыйзамсыз экендигин түшүнүп, ыктыярдуу негизде жогоруда белгиленген үч кабаттуу, аянты 2 900 чарчы метр жана наркы 900 миллион сомдон ашык имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп беришкени белгиленди. А.М.С. колго түшүп, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча атайын тергөө иштери улантылууда.