00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
18:57
2 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
13:05
25 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ачык кеп
Эми бир дагы бала документсиз калбайт. Кыргызстан балдарды каттоодо жаңы программаны ишке киргизди
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жети-Өгүздө алгачкы "Санжыра музейи" ачылатМакрон Европа Россия менен болгон мамилесин карап чыгышы керектигин айттыПрезидент кыргызстандыктарды кыргыз тили күнү менен куттуктады алдыда кененирээкКыргыз тили — тектеш түркий тилдердин өзөгү болуп келген улуу тил. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосунда айтылган. Анда өлкө башчы тил эгемен мамлекеттин эң башкы белгилеринин бири экенин белгилеп, кыргыздын тарых-таржымалы, көөнө маданияты эне тилден башат аларын айткан.Ошондой эле президент өз эне тилине дилин бербеген, дитин койбогон, анын келечегине кам көрбөгөн элдин арымы кыска, келечеги бүдөмүк экенин билдирген. Мындан тышкары, учурда кыргыз тили мамлекеттик деӊгээлдеги иш кагаздарынын, анын ичинде мыйзам, илим менен билимдин тилине айланганын кошумчалаган.
Ош шаарындагы "Коопсуз шаардын" камералары жөө адамдардын эреже бузган учурларын да тартат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти. Ошондой эле айдоочу, жүргүнчү коопсуздук курун тагынбаса эреже бузуу болуп катталат. Бишкек менен Чүйдө мындай эреже бузуулар азырынча камерага түшпөйт. Буга чейин мессенжерлерде айдоочуларга коопсуздук куру, жөө адамдарды өткөрбөй койгондо да "Коопсуз шаардын" камераларына тартыла баштаганы тууралуу маалымат тараган. Эске салсак, бул долбоор толугу менен ИИМге өтүп, аталган министрлик камералар бардык аймактарга коюларын эскерткен.
Жети-Өгүздө 27-сентябрда алгачкы "Санжыра музейи" ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди. Анын айтымында, мыйзамда тиешелүү норма жок болгондуктан ал тарых музейи катары ачылып турат. Ошондуктан ал "Музейлер жана Музей фонду жөнүндө" мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр демилгелегенин белгиледи. "Генеалогияны санжыра деп атап, кыргыздар байыртадан бери муундан-муунга изилдеп, оозеки өткөрүп келишет. Кыргыз элинин маанилүү салттарынын бири катары санжыраны андан ары сактоо жана өнүктүрүү илимий ыкмаларды кеңири колдонууну талап кылат. Мындай ыкмалардын катарына адамдардын туугандык байланыштарын, уруулук тарыхын, жеке адамдардын келип чыгышын, туугандык байланыштарды орнотууну, муундардын сүрөттөрүн жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу санжыра музейлерди түзүү кирет. Бул тарыхый муундардын уланышына чоң салым кошот", — деди баяндама жасап жатып Ормонов. Натыйжада мыйзам долбоору комитетте биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Европа өзүнүн географиялык реалдуугун эске алып, Россия менен болгон келечектеги мамилесин карап көрүшү керек. Бул туурасында Франция президенти Эммануэль Макрон эл аралык конференция учурунда айтканын РИА Новости жазды. "Дүйнөнүн жаңы формасы жөнүндө ойлонушубуз зарыл. Европанын ЕБ, НАТО менен эле чектелип калбаган географиялык реалдуулуктарын эске алышыбыз керек. Европанын түптөлүшүнүн, жашашынын жаңы формасын ойлонуп чыгышыбыз зарыл, ошондой эле континенттеги жана дүйнөдөгү тынчтыкты кайрадан караштыруу шарт", — деген француз лидери. Макрон учурдагы дүйнөлүк тартип Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин орногондугун, ал кезде азыркыдай калкы жыш жайгашкан мамлекеттер болбогондугун белгилеген. Ошондуктан, анын ою боюнча, бул тартип толук эмес жана адилетсиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0