00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Аялдардын евразиялык IV форуму Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын ишмердүүлүгүн жогору баалап, коомдук демилгелери үчүн диплом менен сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова маалымдады. Форум Санкт-Петербург шаарында өтүп жатат. Иш-чараны Россиянын Федерация кеңеши жана КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясы уюштурган. Аялдардын IV евразиялык форуму – бардык континенттердин лидер аялдарынын диалогу үчүн ири эл аралык аянтча.Жапарованын сыйлыгын форумга катышып жаткан Гуля Кожокулова алган.Жапарова кайрымдуулук иштери менен алектенип, түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан "Эне-балага тирек" коомдук фондун жетектейт.
Минск шаарында "Бишкек" эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) менен "Минск" эркин экономикалык аймагынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кол коюу Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин көмөгү астында ишке ашты. Документке "Бишкек" ЭЭАнын башкы директору Умбриэль Темиралиев жана "Минск" ЭЭАнын жетекчиси Анатолий Бубен кол коюшту. Тараптар өзгөчө логистика, жеңил өнөр жай, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана IT-секторундагы компанияларга өзгөчө кызыгуусун билдиришти. Мындан тышкары, Умбриэль Темиралиев менен “Великий камень” индустриалдык паркынын администрация башчысы Александр Ярошенко кызматташуу келишимине кол коюшту. Индустриалдык паркка болгон сапардын жүрүшүндө "Бишкек" ЭЭАсы индустриалдык парктарды ишке киргизүү жана чакан жана орто бизнеске бизнес-инкубаторлорду ачуу үчүн инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Бактыгүл Иманбек кызы Маданият министрлигинин алдындагы Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.Маалыматка караганда, жаңы борбор интернетке жана ЖМКга мониторинг жүргүзөт. Тагыраагы, фейктерди аныктоо менен алектенет.Иманбек кызын борбордун жетекчиси кылып дайындоо буйругуна өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон. Парламенттик шайлоодо Бактыгүл Иманбек кызы "Эл үмүтү" партиясынан ат салышкан. Шайлоо күнү кечинде жергиликтүү ЖМКлар президент Садыр Жапаровдун шайлоо участогунда бюллетенди кармап турган сүрөтүн жарыялаган. Анда президент №18 партияга жана анын катарындагы №49 талапкерге добуш бергени көрүнгөн.Иманбек кызы француз тилинен котормочу, өзү негиздеген окуу борбору бар экени буга чейин айтылган.
АКШ менен Европанын бир катар саясатчылары Украинанын НАТОго кирүү үмүтүн үзүп, балким Россияга санкцияларды жеңилдетүү керектигин айтканын Washington Post гезити жазды. Бирок ошол эле маалда айрым саясатчылар кансыз согуш сөзсүз болорун божомолдоодо."Башкалар Батыш учурда Украинанын НАТОго кирүү үмүтүнө чекит коюшу керектигин, Киевди аймагын берүүгө ынандырып, Россияга киргизилген санкцияларды жеңилдетүүнү сунуштоо керек деп эсептейт. Украинадагы согушту токтотуу үчүн Кремль менен иштешүүнү көптөн бери жактап келгендер дагы узакка созулган кастык жаңы кансыз согуштун башталышына себеп болорун айтууда", — деп билдирди Washington Post гезити.
Жаңылыктар түрмөгү
0