00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Бишкек менен Ош шаарларынын тургундарына өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кайрылды. Анда өлкө башчы элди таштандыны кеч киргенден баштап түн жарымга чейин төгүүнү өтүндү. "Урматтуу шаар тургундары! Таштандыны кеч киргенден баштап түнкү саат 24:00гө чейин таштап берсеңиздер. Түнү менен таштанды тазаланат. Көпчүлүк эртең менен таштанды таштаганга көнүп калган. Ошондуктан эртең менен эмес, түнкү саат 24:00гө чейин таштанды таштаганга үйрөнсөңөр, күндүз кечке таштанды салган челектер таза турмак", — деди Жапаров. Президент кыргызстандыктарды жаратылышты келечек муунга көздүн карегиндей сактап, таза өткөрүп берүүгө чакырды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө аймагында эттин дүң баасы турукташып жатканын билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, учурда эт дүң баада 480-500 сомдун тегерегинде сатылууда. Министрликтен акыркы күндөрү эт кымбаттап кеткенине байланыштуу Ветеринардык кызмат ыкчам чараларды көрүп, жыйынтыгында анын дүң баасы турукташып жатканын кошумчалашты. Ал эми керектөөчүлөр бул аптада эт чекене баа менен килограммына 650-700 сомдон сатылып жатканын билдиришкен. Эске салсак, соңку айда базарларда эттин баасы кымбаттап, Бишкекте 680 сомдон 800 сомго чейин сатылып жаткан.
Кыргызстанга мыйзамсыз кирген Өзбекстандын жараны кармалды. УКМКдан билдиришкендей, Өзбек жараны Ош шаарына келерде «Достук — унаа жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкеринин шенимине кирип «Ош-аэропорт» көзөмөл өткөрүү пунктундагы аскер кызматкерине өздүк паспортун берип, мөөр басууну суранган. Мындан улам өзбекстандыкка “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилген. Ошондой эле көзөмөл-өткөрмө пунктунун аскер кызматкерлерине байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасына жиберилген. Белгиленгендей, жогоруда аталган өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кызматтан бошотулган.
Владимир Зеленский Жо Байдендин өзүнөн Россиянын түпкүрүнө Батыш берген курал менен сокку урууга уруксат сурап АКШга бармай болууда. Бул тууралуу Германиянын “Билд” басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады. "Зеленский жакынкы апталарда АКШга барып, өзүнүн стратегиясын президент Жо Байденге, ажолукка талапкерлер Дональд Трамп мнен Камала Харриске көрсөтөт", — деп айтылат макалада. Басылманын маалыматы боюнча Зеленский Россиянын түпкүрүнө батыш берген ракеталар менен сокку урууга уруксат алуу ниетинде. Россия президенти Владимир Путин НАТО мамлекеттери ушу тапта Киевдин ыраакка атылуучу куралдын пайдалануусун эле эмес, украин жаңжалына түз аралашууну да талкуулап жатканын эскерткен. Батыштын чыр-чатакка тикелей кийлигишүүсү атайын операциянын максатын өзгөртө албай турганын, Россия өзүнө кооптуулук жаралган кырдаалга карап чечим кабыл алууга аргасыз болорун белгилеген. Буга чейин айрым басылмалар Британия өкмөтүндөгү маалымат булактарына таянып Киевге ракеталар менен Россиянын түпкүрүно сокку урууга уруксат берүү чечилгенин, бирок расмий жарыя болбой турганын жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0