00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Билим берүү мекемелериндеги окуу графиги боюнча документ демилгеленгенде министрлик терс корутунду берген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти..Маалыматка ылайык, министрлик балдардын саат 7:30да окушуна каршы болгон. "Токтом долбоорун бизге макулдашууга жибергенде терс корутунду бергенбиз. Шаардык кеңештин сунушуна макул болгон эмеспиз. Бирок анда биздин пикир эске алынган жок. Азыр окуу жайлардан келген кайрылуулардын негизинде министрлер кабинети менен мэрияга кат даярдалууда", — дешти министрликтен. Сентябрда окуу башталгандан бери бул чечимге нааразы болгондордун катары көбөйүп, маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутаттар токтом туура эмес кабыл алынганын жана аны артка кайтаруу керектигин белгилеп жатышат.
Бүгүнкү күндө согуштук маселелерди чечүү үчүн аскердик компонентти эле колдонуу жетишсиз. Бул тууралуу Балыкчыдагы машыгуулардын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов билдирди.Ал учурдагы кризистер ар кошкон болуп, чечилиши атайын кадамдарды талап кыларын белгилеген. Башкы катчы машыгуулар уюмдун ыкчам күчтөрү ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүүгө даярдыгын көрсөткөнүн белгиледи.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы имарат ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы корпуста гемодиализ, эндокринология, нефрология бөлүмдөрү, реанимациялык керебеттер, кичи операциялык бөлмө жайгашкан. Ошондой эле балдар үчүн төрт, чоңдор үчүн үч жаңы гемодиализ аппараты, суу тазалоочу система орнотулганы айтылды. Имаратта заманбап коммуникация системасы орнотулуп, ар бир бөлмөгө даараткана, душ салынып, бейтаптар жана медиктер үчүн бардык шарттар түзүлгөнү кошумчаланды.
Дмитрий Песков Россияга "Атакмс" ракеталары менен сокку уруу боюнча чечим кабыл алынып калганын четке какпай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Чечим кабыл алынган болуш керек. Учурда ЖМКларда кабыл алынган чечимди формалдаштыруу үчүн жөн гана маалыматтык кампания жүрүп жатат", — деди Кремлдин өкүлү. Россиянын президентинин маалымат катчысы АКШ менен европалык мамлекеттердин украин жаңжалынан оолак болууга жасаган аракетинен майнап чыкпай турганын да белгилеген. Ошондой эле Россиянын жообу тийиштүү деңгээлде болорун дагы кошумчалаган. Шейшемби күнү Блинкен АКШ Украинага Россиянын түпкүрүнө америкалык "Атакмс" ракеталары менен сокку урууга уруксат бериши мүмкүн экенин билдирген. Ошол эле күнү Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби АКШ мурдагыдай эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн Россиянын түпкүрүнө сокку уруусун колдобой турганын белгилеген. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 20 тыйынга 1 евро 92 сом 94 тыйынга 1 рубль 93 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сом 20 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 12-сентябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 12-сентябрь, бейшембиде, жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл жергесинде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +19...+24 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +27...+29 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0