00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Париждеги Олимпиадада боксчу Сейитбек Мунарбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановду кабыл алып, автоунаа белек кылды. Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, президент ага ыраазылыгын билдирген. Президент ошондой эле Хасановдун секундант болгону Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын белгилеген. Президент Париждеги Олимпиадада өзбек спортчуларынын жакшы көрсөткүчтөрүн да айтып өттү. Жапаров Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу өзгөчө колдоого муктаж болуп турганда Хасанов жакшы иш жасаганын баса белгиледи. Хасанов жылуу сөздөрү үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык билдирип, Мунарбек Сейитбек уулу менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга ойлонбостон макул болгонун айткан.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын катчылыгы менен Кыргызстандын билим берүү уюмдары жана мекемелери 10-сентябрда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, жана Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлган.Бул келишимдер илимий-изилдөө, укуктук, гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Чет өлкөлүктөргө карата жасалган кылмыштарды өзүнчө квалификациялоо сунушталды. Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. Максаты — чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларга каршы кылмыштардын жасалышын алдын алуу. Милдети — чет өлкөлүк жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти күчөтүү. Бул түзөтүүлөр жагымдуу жана коопсуз инвестициялык чөйрөнү камсыз кылууга, анын ичинде өлкөнүн аймагында окуган жана билим берүү секторуна финансылык каражаттарды салган студенттер үчүн оң таасирин тийгизери жазылган мыйзамдын негиздемесинде.
АКШнын президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харристин биринчи теледебаты ABC телеканалында болду. Атаандаштар Украина темасын, Путиндин "колдоосун", Штаттардагы экономикалык жана миграция маселелерин талкуулашты. Сын жаадырып, кээ бир жерлерден кайсы бир маселеде бирин-бири күнөөлөп да жатышты. Эгерде республикачыл Трамп жеңип калса чет элдик товарларга салмактуу бажы төлөмүн киргизе тургандыгын айтты. Ал эми демократ Харрис президент болуп шайланып калса өлкөнүн нефть импортуна көз карандылыгын азайтып, "дүйнөдөгү эң каардуу армия түзөрүнө" убада берди. "Украинадагы согушка чекит коюп, кепке келип, макулдашуу өзүбүзгө эле жакшы", — деди Трамп. Баса, бул дебатта Россия лидери Владимир Путин туурасында эки талапкер кеминде 12 ирет сөз кылышты. Трамп тактыга отуруп калса Владимир Путин менен Владимир Зеленскийди сүйлөштүрөрүн айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0