00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Сергек жашоо – ден соолуктун булагы. Аялдарга спорттун кайсы түрү пайдалуу?
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Майыптарды реабилитациялоо борбору кандай кызматтарды көрсөтөт? - Аларды акысыз пайдалануу үчүн эмне кылуу керек?
17:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Нарында мыкаачылык менен бычакталып жаткан аялды 24 жаштагы милиция кызматкери куткарып калган. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.Маалыматка ылайык, милициянын ага лейтенанты Жеңиш Муканбетов ошол учурда өз иштери менен жүрүп, ызы-чуудан улам ашканага чуркап кирген. Эске салсак, 31-август күнү Нарын шаарынын борбордук базарында жайгашкан ашканын ичинен 42 жаштагы киши аялына бир нече ирет бычак сайган.
Азис Сапаралиев мурда жүктөлгөн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ал эми президенттин дагы бир жарлыгы менен бул кызматка Медер Машиев дайындалды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Эске салсак, Сапаралиев 2-июлда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Ушул жылдын январь айынан июлдун аягына чейин Кыргызстандын аймагында 5 555 турак үй курулуп бүткөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 36,5 пайызга көп. Комитет жеке турак үйлөрдү курууга жалпысынан 18 млн 318 миң сом жумшалган деп баалаган. Курулган үйлөрдүн баарынын аянтын кошуп чыкканда 698,7 чарчы метрди түзөт.Бишкек шаарында – 445, Ош шаарында 119 жеке турак үй салынган.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Еревандын мүчөлүгүн токтото туруу чечимин татыктуу деп баалай турганын айтып, азырынча башка чечимдин зарылдыгы жок деген пикирин билдирди. Бул туурасында Sputnik Армения жазды. Премьер бул нерсе бийлик келечекте башка чечимди кабыл алуу зарылдыгын көрбөйт деген түшүнүк эместигин да белгилеген. Ал Россиянын дарегине айтылган мазактоолорду орунсуз деп эсептей турганын билдирген. Армения премьери Еревандын Россия бийлиги менен алакасы негизинен өз ара сый-урматтын деңгээлинде экенине токтолгон.Ошол эле учурда ал Армения мүчө болгон ЕАЭБде экономикалык өз ара кызматташуунун майнаптуулугу, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчтүн эркин жүрүшү боюнча маселелер көтөрүлүп, кызуу талкуулар жүрүп жатканын, бирок Ереван бул талкууларда өтө активдүү эмес экенин кошумчалады.
Израилде Газа секторундагы ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга келүү талабы менен башталган каршылык акцияларына 700 миң киши чыкты. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын маалыматына таянуу менен РИА Новости жазды.Тель-Авивде эле акцияга 550 миң киши катышкан.Митинг ишемби күнү палестин радикалдарынын барымтасында 330 күн кармалып турган алты туткундун өлүмү тууралуу кабардан кийин башталган. Уюштуруучулардын айтымында, Тель-Авивдин көчөлөрүнө 300 миңдей киши чыгып, бир эле маалда өлкө боюнча жарым миллион израилдик тургун нааразылыгын билдирген эле.Жергиликтүү полиция жекшемби күнү акциянын катышуучулары Тель-Авивдин борбордук бөлүгүндө башаламандык жасаганын кабарлаган. Активисттер шаардын негизги шоссесин тосуп алып, күч органдарына каршылык көрсөтүшкөн.Сөөгү Палестинанын Рафах шаарындагы туннелдердин биринен табылган алты туткундун аты-жөнүн Израилдин Коргоо армиясы жекшемби күнү эртең менен жарыялаган. Арасында 32 жаштагы бир россиялык жана 23 жаштагы бир АКШлык жаран бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0