00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши министрлиги интернетте жана ЖМКларда фейк, ошондой эле бурмаланган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Мында Бузуулар кодексине толуктоо киргизилмекчи. Жалган же бурмаланган маалымат тараткандыгы үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталууда. Мыйзам долбоорунда ЖМК жаатындагы ыйгарым укуктуу органды эреже бузган тарапты айыпка жыгып, акча өндүрүүгө милдеттендирүү сунушталган.
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр келе баштагынын мэрия билдирди. Маалыматта 180 миң тонна жогорку калориялуу көмүр Ак-Улак участкасынан, Миң-Куш кенинен ташылып келгени айтылат. Мындан тышкары, "Д" маркасындагы 250 миң тонна көмүрдү четтен алып келүүгө жана "Кыргыз көмүр" ишканасы менен 520 миң тонна Кабак көмүрүн алууга келишим түзүлүп, 50 миң тонна кыргыз көмүрүн алууга тендер жарыяланган. "Электр энергиясы жана жылуулук менен толук кандуу камсыздоо үчүн бир миллион тонна көмүр, 110 миллион куб метр газ жана 8 000 тонна мазут даярдоо пландаштырылууда", — деп жазылган билдирүүдө. Мэрия жеткирүүлөр белгиленген графиктерге ылайык 2024-жылдын августунан 2025-жылдын мартына чейин жүргүзүлөрүн белгиледи. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 194 миң тонна көмүр бар.
Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү картошканы сатуу үчүн Өзбекстандагы ири супермаркеттердин бири менен келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, учурда сүйлөшүү жыйынтыктоочу этабына келген. "Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков үлгү катары Кыргызстандан картошканын беш сортун көрсөткөн. Ал кыргызстандык жеткирүүчүлөр менен келишим түзүүдө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди", — деп жазылат маалыматта. Алдын ала макулдушуу боюнча, коңшу өлкөгө жумасына үч жолу 60 тоннадан картошка жеткирилип турат.
Ички иштер министрлиги 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата республика аймагында "Укук тартип" аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы өткөрүлүп жатканын кабарлады. Маалыматта 30-августта майрамга даярдык көрүүнүн алкагында Чыңгыз Айтматов проспектинде автоунаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөөлөр коюлары айтылат. Ал эми 31-август күнү Жибек Жолу проспекти, Жусуп Абдрахманов көчөсү, Киев көчөсү жана Манас проспекти менен чектешкен бөлүктөр маал-маалы менен жабылып турат. "Эгемендүүлүк күнү коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого республика боюнча ички иштер органдарынын 15 миңден ашык кызматкери тартылат. Ал эми Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чарада ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартипке көз салат", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0