00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ачык кеп
VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунан репортаж
23:05
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Билим берүү министрлиги “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында окутуунун 12 жылдык компонентине өтүүдө 5 баллдык система сакталаарын билдирди. «Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз Билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана министрликтин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт»-деп айтылат маалыматта. 19-августта Кыргыз Билим берүү академиясы 12 жылдык билим берүү концепциясын сайтына жарыялаган. Анда 12 жылдык окутуу системасында мектептердеги 5 баллдык баалоо системасы, 10 баллдык баалоо системасына өзгөрөөрү жазылган. Концепцияда 1-2-класстарда балдарга баа койбой, 3-класстан 12-класска чейин окуучуларга 1ден 10го чейинки баа коюу сунушталган.
Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында быйыл республика боюнча 100дөн ашык өнөр жай ишканалары жана 100дөн ашык социалдык объектилер ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын башынан бери реалдуу жана социалдык тармакта 44 ишкана ачылган. Ал эми 31-августка карата 39 өнөр жай объектинин ачылышы күтүлүүдө. Тактап айтканда, Баткен облусунда 5 ишкана ачылат. Ал эми Талас облусунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи заводдун ачылышы күтүлүүдө. Ош облусунда 8 объекттин ачылышы болсо, Чүйдо 13 ишкананын ачылышы пландалууда. Ысык-Көл облусунда 3, Нарында 4, Жалал-Абадда 2, Ош жана Бишкек шаарында 2ден ишкана ачылат. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республика боюнча 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы күтүлүүдө.
Имамидин Ташовдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөнүн анын жактоочусу Самат Матцаков билдирди. Ал белгилегендей, Ташов бир катар кылмыштар боюнча айыпталууда. Анын ичинде "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "Массалык маалымат каражаттарын колдонуу менен бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасоо", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери бар. Ошондой эле ал бул иш боюнча алдын ала сот отуруму 23-августка белгиленгенин кошумчалады. Ташов 22-апрелде кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалган. Ал Алматыдан Кара-Балта шаарына бара жаткан.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Украина Курскиге "жашыруун жана аларга кабар бербей даярданып алып" кол салганын айтты. РИА Новости бул тууралуу канцлер Кишинёвдо Молдованын президенти Мая Санду менен жолуккандан кийин маалымат жыйында билдиргенин жазды. "Украина Курск облусундагы согуштук операциясын өтө жашыруун жана маалымат бербей, кабардар кылбай туруп даярдаган", — деген Шольц. Саясатчы Молдовага алдыда болчу президенттик шайлоо жана референдумдун алдында расмий сапар менен келген. Шаршемби күнү Россиянын Тышкы чалгын кызматы "Известия" басылмасына Украина армиясынын Курскиге чабуулу АКШ, Улуу Британия жана Польшанын атайын кызматтарынын катышуусу менен жасалгандыгын айткан. Аскерлер алардын машыгуу борборлорунда, анын ичинде Германияда да даярдыктан өткөндүгүн белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0