00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Особый акцент
Лук, сабля и конь: оружие, создавшее военную мощь тюрков
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Русский язык как живое общение: интерактивные уроки от молодых педагогов
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Советтер Союзунун Баатырдыгын албай калган Апыла Жаманбаев
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Легендарлуу футболчу Азамат Байматовдун спорттогу жолу — лидерлик, машыктыруучулук, максаттар
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда жарандык авиация кийинки деңгээлге көтөрүлдү — Өлкө “кара тизмеден” качан чыгат?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга эхинококкоз менен күрөшүү үчүн дары-дармекти жардам катары бергенин аталган уюмдан маалымдашты. Таблетка түрүндөгү 435 миң даана альбендазол дарысы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине тапшырылды. "Бул өтө маанилүү дары киста жана альвеолярдык эхинококкоз менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл. Жакын арада алары өлкөдөгү саламаттыкты сактоо боюнча бардык уюмдарга таратылат", — деп айтылат маалыматта. Эхинококкоз көбүнчө малдан жугат. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин расмий маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын эхинококкоздун 800дөн 1500гө чейин учуру катталат. Хирургиялык дарылоо үчүн келген бейтаптардын 58ден 65 пайызга чейинкисин балдар түзсө, өлүм экиден алты пайызга чейин жетет.
Учурда Кыргызстанда транспорттун айрым категориясы эле техникалык кароодон милдетүү түрдө өткөрүлөт, бирок Экономика жана коммерция министрлиги бардык автоунааларды текшерүү өнөктүгүн кайтарууну сунуштоодо. Ведомствонун Техникалык жөнгө салуу жана метрология департаментинин башчысы Бакыт Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде темир көлүктүн эмнеси жана кандай текшерилерин түшүндүрүп берди. "Азыр техникалык кароо жол кыймылы боюнча мыйзамдын алкагында көзөмөлдөнүп, анда кандай категориядагылар милдеттүү түрдө кароодон өтүшү керектиги жазылган. Негизинен коммерциялык максаттагы, жүргүнчү ташыган атайын техника текшерилет. Жеңил автоунааны техкароодон өткөрүү 850 сом турат. Аны диагностикалык борборлордон текшеришет. Өлкөдө мындай 31 борбор бар, алардын бирөө мамлекетке карайт. Эми менчик транспортторду техкароодон өткөрүү процесси акырындан киргизиле баштайт. Бул 2027-жылга пландалган, ага чейин текшерүүчү борборлордун санын көбөйтүү зарыл", — деп билдирди Шабданов. Министрлик ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн тажрыйбасын колдонуп, жети "жашка" чейинки автоунааларды техкароодон бошотуп, 7-14 жылдыктарды жылына эки жолу, андан "улуу" транспортторду жыл сайын текшерип турууну сунуштоодо.
Бүгүн Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан келген спортчуларга тапшырылган автоунаалардын ичинен ону Кыргызстанда жасалган. Бул туурасында президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматта темир тулпарлар Кыргызстандын аймагында жакында эле ачылган автоунаа заводунан жасалганы айтылат. "Дүйнөлүк Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнөн тышкары катышуучуларга берилген 10 даана автомобиль Кыргызстанда чыгарылган! Болгондо дагы жакында эле ачылган унаа заводдон даярдалган эң алгачкы өндүрүштүн алдын президенттин колунан белекке алышты", — деп жазылган маалыматта.
Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы бүткүл россиялык "Кино түнү" иш-чарасынын алкагында Москвада көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концернинин директору Талантбек Төлөбеков билдирди.Анын айтымында, тасма 24-августта саат 21:00дө "Москино Факел" кинотеатрында тартууланат. "Кино түнү" иш-чарасында кино сүйүүчүлөр Россия жана КМШ мамлекеттеринде 2023-2024-жылдары тартылган эң алдыңкы тасмаларды акысыз көрө алышат."Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Бул кинокартина бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышып, сыйлыктарга ээ болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0