https://sputnik.kg/20240727/kyrgyzstandyk-sportchular-olimpiadanyn-achylyshynda-1087377696.html
Кыргызстандык спортчулар Олимпиаданын ачылышында. Видео
Кыргызстандык спортчулар Олимпиаданын ачылышында. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу ачылды. 27.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-27T01:30+0600
2024-07-27T01:30+0600
2024-07-30T09:38+0600
франция
дүйнөдө
олимпиада
ачылыш
кыргызстан
сена дарыясы
спорт
видео
сүрөт
олимпиада оюндары — 2024
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1b/1087378317_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_2e83e4d6cb60f0e90119d8c4a8be2567.jpg
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу ачылды.Өлкөлөрдүн курама командалары, 10 миңге чукул спортчу Сена дарыясынан 6 чакырымдык маршрут менен кайыкта сүзүп өттү. Алардын ичинде Кыргызстандын делегациясы да болду. Өлкөнүн туусун дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү. Бул иш-чарага 300 миңден ашуун адам күбө болду.Франциялык уюштуруучулар заманбап ар кыл атайын технологиялардан баш тартып, тарыхый тематикага басым жасашкан. Бул салтанаттуу ачылыш өзүнүн башкача стилде уюштурулгандыгы менен эсте калды.Эске салсак, Кыргызстан Париж олимпиадасына 16 спортчусун аттандырган. Алардын ону грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча балбандар, экөө дзюдо, дагы эки спортчу сууда сүзүү боюнча намыс талашмакчы. Бокс, жеңил атлетика боюнча бирден спортчу кеткен.Кыргызстандын намысын 27-июлда биринчи болуп Денис Петрашов коргойт. Ал 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.
https://sputnik.kg/20240726/olimpiadadagy-kyrgyzstandyk-3-sportchunun-ataandashy-anyktaldy-1087377190.html
франция
сена дарыясы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1b/1087378317_78:0:1518:1080_1920x0_80_0_0_e79329cb6b5e3de27ed857d778f20ca6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
франция, дүйнөдө, олимпиада, ачылыш, кыргызстан, сена дарыясы, спорт, видео, сүрөт
франция, дүйнөдө, олимпиада, ачылыш, кыргызстан, сена дарыясы, спорт, видео, сүрөт
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу ачылды.
Өлкөлөрдүн курама командалары, 10 миңге чукул спортчу Сена дарыясынан 6 чакырымдык маршрут менен кайыкта сүзүп өттү. Алардын ичинде Кыргызстандын делегациясы да болду. Өлкөнүн туусун дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү. Бул иш-чарага 300 миңден ашуун адам күбө болду.
Франциялык уюштуруучулар заманбап ар кыл атайын технологиялардан баш тартып, тарыхый тематикага басым жасашкан. Бул салтанаттуу ачылыш өзүнүн башкача стилде уюштурулгандыгы менен эсте калды.
Эске салсак, Кыргызстан Париж олимпиадасына 16 спортчусун аттандырган. Алардын ону грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча балбандар, экөө дзюдо, дагы эки спортчу сууда сүзүү боюнча намыс талашмакчы. Бокс, жеңил атлетика боюнча бирден спортчу кеткен.
Кыргызстандын намысын 27-июлда биринчи болуп Денис Петрашов коргойт. Ал 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.