00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жанылыктар менен тааныштырып, студияда Арууке Амирдинова. Саламатсыздарбы! Бул чыгарылышта:Нарында сел жүрүп, жол жабылдыӨлкөдө мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн 143 миң сомго чейин алышканы айтылды Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун жыйыны жыйынтыкталды. Алдыда кененирээк. Борбор калаада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун жыйыны өттү. Ага Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран, Казакстан, Беларусь, Кытай мамлекеттеринин көзөмөл органдарынын жетекчилери, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын жана аймактык антитеррордук түзүмүнүн жетекчилери катышты. Алар санариптик технологияларды өнүктүрүү контекстинде кызматташууну бекемдөө маселесин талкуулашты. Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун өлкөлөрү туш болгон заманбап коркунучтарга каршы туруу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында көзөмөлдөөчү органдардын жетекчилери декларацияга кол коюшту.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Анын айтымында, министрлер кабинетинин чечими менен селден каза болгон 22 адамга, ошондой селден улам турак жайы жараксыз абалга келген 75 үй ээсине 1 млн сомдон берилет. "Ал эми турак жайы капиталдык оңдоого муктаж 86 үй ээсине 500 миң сомдон, Ош шаарындагы борбордук базарда суу каптаган 785 контейнердин ээсине каттоосуна жана салык төлөөсүнө жараша 100 миң сомдон берүү каралууда. Мындан тышкары, Ош мэриясы дагы соодагерлер менен иш алып барат", - деди ал. Министрдин орун басары материалдык жардам жакын арада төлөнө баштай турганын кошумчалады.
Ал арада Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 254-255-чакырымында сел жүрдү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, катуу жааган жаандан улам жолго көчкү түшүп, жолду жаап калган. Буга байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Азыркы учурда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жеринде иш алып жатканы айтылды.
Кыргызстанда мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн 143 миң сомго чейин алышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, алган каражатынын аркасы менен Ысык-Ата районундагы мектеп мугалимдери Кара-Деңизге, Ысык-Көлгө жана башка курорттордо эс алууга мүмкүнчүлүк алышты. Орунбеков мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн алган каражаты эмгек тажрыйбасына жараша 43 миң сомдон 143 миң сомго чейин алышканын кошумчалады.
Өлкөдө Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин “Кыргыз электроника” ишканасы аткарат. Бул тууралуу “Кыргыз индустрия” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Кыргызстанда чыгарыла турган ноутбук, хромбук, планшеттер окуучуларга жана студенттерге арзан баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тетиктердин көбү чет өлкөдөн алынып келинет, ал эми уюлдук телефон каптары Кыргызстанда чыгарылат, смартфондорду да атамекендик адистер чогултат. Бул үчүн жабдуулар буга чейин сатылып алынган. Маалыматта «Мекен» смартфондорунун болжолдуу баасы — 11 миң сом болору айтылды. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 22 тыйынга 1 евро 91 сом 26 тыйынга 1 рубль 96 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 26-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Жума күнү күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +35…+40, Талас аймагында +33…+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +35…+40, Ысык-Көл жергесинде +27…+32, Нарын өрөөнүндө +28…+33 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа менен Ош шаарында +38…+40, Чолпон-Атада +29…+31 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0