Сулуулугу, назиктиги, баео мүнөзү менен кимди болбосун кайдыгер калтырбаган Таттыбүбү Турсунбаева болгону 37 жыл жашады. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү кино дүйнөсүнө 16 жашынан аралашкан. Алгачкы жолу "Салиманын ыры" кыска метраждуу тасмасына тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык институттун драма жана кино актеру факультетине тапшырып, үч жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.Театрда Шекспир, Лопе де Вега, Лорка, Ч.Айтматов, Карим жана Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун образдарды алып чыккан. Кино жаатында "Акмөөр", "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" тасмаларында роль жаратып, атагы чыккан.Жолдошу жана кесиптеши Имаш Эшимбеков менен бир кыздуу жана уулдуу болушкан. Таттыбүбү Турсунбаева 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында каза тапкан.Тема боюнча:
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда жарыкка келген.
Сулуулугу, назиктиги, баео мүнөзү менен кимди болбосун кайдыгер калтырбаган Таттыбүбү Турсунбаева болгону 37 жыл жашады. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү кино дүйнөсүнө 16 жашынан аралашкан. Алгачкы жолу "Салиманын ыры" кыска метраждуу тасмасына тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык институттун драма жана кино актеру факультетине тапшырып, үч жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
Театрда Шекспир, Лопе де Вега, Лорка, Ч.Айтматов, Карим жана Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун образдарды алып чыккан. Кино жаатында "Акмөөр", "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" тасмаларында роль жаратып, атагы чыккан.
Жолдошу жана кесиптеши Имаш Эшимбеков менен бир кыздуу жана уулдуу болушкан. Таттыбүбү Турсунбаева 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында каза тапкан.
Таттыбүбү Турсунбаеванын 16 жаштагы кези, жанында аккордеондо ойногон 20 жаштагы агасы Нуркан Турсунбаев. Бир туугандар Опера жана балет театрынын сахнасында республикалык сынакка катышып, анда актриса кытайлык кыргыздардын "Гүлкайыр" деген ырын аткарган.
Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз эл артисти Сабира Күмүшалиева менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын бул сүрөтү 1971-жылы Фрунзеде "Уркуя" фильми көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин тартылган.
Таттыбүбү Турсунбаева "Отко таазим" тасмасында тарыхый инсан Уркуя Салиеванын ролун ойноп, ого бетер атагы чыккан. Тасманы Төлөмүш Океев тартса, сценарийин Насирдин Байтемиров жазган.
Актрисанын ат минип түшкөн сүрөтү 1974-жылы тартылган. Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Кызыл алма" тасмасын тартып, Турсунбаева Бейтааныш сулуунун образын жаратканы белгилүү.
Таттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болсо быйыл 80 жашка толмок. 37 жылдык өмүрүндө ал кино жана театрда көрүнүктүү ролдорду ойноп, кыргыз искусствосунун чолпон жылдызына айлана алган.
Актриса убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, Кинематографисттер союзунун мүчөсү болуп турган. Сүрөт Мелис Убукеевдин "Бир сүйүүнүн баяны" ("Хроника одной любви") тасмасынан.
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал эми бул сүрөт Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" тасмасы учурунда тартылган.
Таттыбүбү Турсунбаеванын кинодогу акыркы ролу. 1980-жылы Төлөмүш Океев белгилүү драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартып, актриса небересин көтөргөн элеттик Сүйүндүн ролун аткарган.