00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мукамбетов: июлда 80 миңден ашуун пенсионер көбөйтүлгөн акчасын алат

© Sputnik / Кенжебай СатканалиевСоциалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов
Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2024
Жазылуу
Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов өлкөдөгү пенсия системасына кирип жаткан өзгөрүүлөргө токтолду.
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, биз пенсиянын базалык бөлүгүн толук эмес алгандардыкын жогорулатуу боюнча эсептөөлөрдү жыйынтыктадык. Ага ылайык, июль айынын көбөйтүлгөн пенсиясын 80 000ден ашуун пенсионер алат. Мындай маалыматты Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мукамбетов: июлда 80 миңден ашуун пенсионер көбөйтүлгөн акчасын алат
Анын айтымында, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабында базалык бөлүгүн толук эмес алгандардын пенсиясы толукталган соң 3 170 сомду түзөт.
"Ушул жылдын 10-майында №84 мыйзамга президент кол койду. Ага ылайык, айрым укуктук-ченемдик актыларга өзгөрүүлөр кирди, бир нече берене жокко чыгарылды. Мисалы, мурда мөөнөтүнөн мурда чегерилген пенсиялар бар болчу. Эгер аял кишинин 35 жылдан ашык эмгек стажы болсо, анда ага 58 эмес, 55 жаштан, эркектерге 63 эмес 40 жылдык стаж менен 60 жаштан үч жыл мурда пенсияга чыкканга мүмкүнчүлүк берчү. Бул 2008-жылы киргизилген эреже, анткени ошол кезде пенсияга чыгуу жаш курагы жогорулатылган эле. Эмгек стажы көптөргө теңсиздик болуп калбасын деп ушундай берене кирген болчу. Учурда жашоо шарты жакшырды, мындан башка да себептерден улам бул эреже алып салынды. Бирок көп балалуу энелер, зыяндуу өндүрүштө иштегендер, бийик тоолуу аймакта жашагандар жана башка категориядагылар үчүн талаптар өзгөргөн жок. Дагы бир жаңылык, мурда бир жылдык эмгек стажы бар адамдардын да пенсияга укугу бар эле. Бизде негизинен пенсияга чыгууда үч категория каралган. Буга жаш курагы, баккан адамынан айрылган учурда жана майыптыгы каралат. Ушул үчөөндө тең эмгек стажы тууралуу талап коюлган. Анда эмгек стажы жетпей калса мамлекет тарабынан берилчү акчанын базалык бөлүгү теңдемелүү эсептелип, мисалы, бир эле жылдык эмгек стажы көрсөтүлсө 20 эсе аз эсептелип, жыйынтыгында 3 170 сомго да жетпей калчу. Эми бул берене да жокко чыгарылды. Жыйынтыгында азыркы биринчи этапта 80 000ден ашыгыраак пенсионер кайра эсептөөдөн кийинки 3 170 сомдук пенсиясын июль айынан тарта ала баштайт. Ошондой эле 1-июлдан тартып стаж талабы да кыскарды. Мурдагыдай 20-25 жыл эмес, беш жылдык стажы бар адамдар пенсияга чыгарда толук эмгек стажы болуп эсептелип кете берет. Бул жыл сайын көтөрүлүп отуруп, 2045-жылдан баштап 20 жылга жетип калат",— деди Мукамбетов.
Ал пенсиянын базалык бөлүгүн көтөрүүнүн экинчи этабы күздө ишке ашарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0