00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:08
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Спутник Кыргызстан радиосунда жанылыктар! Микрофондо Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы?!
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учактын ижарасы боюнча түшүндүрмө бердиБишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылатМелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болду алдыда кененирээк
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды. Ага 75 депутат макулдугун берди. Тургунбаев 42 жашта. Жогорку билимдүү, 2003-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Токиодогу Саясат изилдөө институтун, 2007-жылы ОшМУ, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн. Адистиги боюнча эл аралык мамилелер, экономикалык саясат, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, лидерлик жана стратегия боюнча программанын магистри, экономика илимдеринин доктору. Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөйт. 2023-жылдын март айынан бери жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп эмгектенип келген. Бүгүн эртең менен президенттин жарлыгы менен иштен алынган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учактын ижарасы боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин мамлекет башчынын инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган видео тараган. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы колдонулуп, соцтармакта кызуу талкуу жараткан. Натыйжада президент дагы бул боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча аталган тик учакты Афтандил Сабырбеков аттуу адам 24-июнда ижарага алып 56 мүнөт учкан, ижарага берүү мыйзамдуу болгон. Ошондой эле министрликте тик учактын үч түрү бар экени, айрымдары коммерциялык багытта да колдонулары кабарланды. “Ижара акысы мамлекеттик казынага түшөт. Тик учактар тура берсе, учууга жараксыз болуп калат", — деп билдирди министрлик. Маалымат боюнча тик учактардын бирин бир саатка 157 миң сомго алса болот, экинчисин 262 миң сомго каалаган жаран ижарага ала алат.
Бишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди. Анын айтымында, шаарда калктын саны өсүп, күнүнө 200-300гө чейин адам тез жардамга кайрылууда. "Учурда Бишкекте бир эле Тез жардам клиникасы бар. Шаар чоңоюп жаткандыгына байланыштуу мурдагы Аламүдүн облустук оорукананы экинчи Тез жардам клиникасы кылганы жатабыз", — деди Бейшеналиев. Ошондой эле ал Тез жардам кызматы өлкөдө акысыз тейлей турганын кошумчалады.
Украина президентинин кеңсесинде иштеген кызматкерлер мамлекеттик буйрутмалардын суммасынын 30 пайызын алып келишкенин РИА Новости украиналык "Страна" басылмасына шилтеме кылып жазды. Армияны кийим-кече менен камсыздаган компаниялардын биринин жетекчисине таянган портал коррупциялык схемалар атайын операция башталгандан тарта эле пайда болгонун айтып берген. Сапаты начар продукция жеткирилген учурлар да арбын болгонун кошумчалаган. Ал азыркы тапта "шапке" акчаны мурункудай каалаган кишинин баары ала албай калганына, жеткирүүчүлөрдүн тар чөйрөсү түптөлгөнүнө токтолгон. Эксперттин айтымында, документке жазылган техникалык шарттар кээде акыл-эске сыйбагыдай болуп калат. ///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 58 тыйынга барабар. 1 евро 92 сом 94 тыйынга 1 рубль 99 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ 27-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 27-июнь, бейшембиде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34...39, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +25...+30, Талас облусунда +32...+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +34...+39 градус жылуу болот. Борбор калаада күндүн табы +36...+38 градуска жетсе, Ош шаарында +34...+39 градус болуусу күтүлүүдө. Ал эми Чолпон-Ата шаарында жамгыр жаап, +26...+28 градус жылуу болуусу болжолдонууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0