00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ысык-Көл облусунда Асман шаарынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушканда айтты. Президент бир жылдан бери долбоор талкууланып отуруп, соңунда Ысык-Көлдү булгап албоо үчүн жашыл шаар куруу чечими кабыл алынганын белгиледи. Айтымында, Асманда электромобилдер менен электробустар гана жүрөт. Шаар шамалдан, күндөн, суу ГЭСтеринен алынган электр кубаты менен жарыктандырылат. Эске салсак, 2023-жылдын июнь айында өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна капсула салган. Аны сала турган инвесторлор бул шаар "акылдуу", коммерциялык, спорттук жана оюн-зоок секторлоруна бөлүнөрүн айтышкан. Мындан тышкары, шаардагы бардык таштанды кайрадан иштетилип турары, Ысык-Көлдүн ортосуна жасалма арал курулуп, шаарда жети жылдыздуу мейманканалар, казино, ири университеттер, музейлер, мечиттер, ооруканалар, гольф талаалары, жогорку ылдамдыктагы поезд, стадион, ипподром иштей турганы белгиленген.
Кыргызстандыктар эски унааларын жаңы электромобилдерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушууда билдирди.Өлкө башчы Сокулук районунда кытайлык компания менен биргеликте жылына 80 миңге чейин электромобилдер чыгарыла турган автозавод курулуп жатканын белгиледи. "Бул завод ишке киргенден кийин абаны булгап жаткан бардык эски машиналарды чогултуп, ээлерине 10-15 жылга [] электромобилдерди беребиз. Долбоорду ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында ишке ашырабыз”, – деди президент. Ал ошондой эле Жапаров Кыргызстандын аймагынын баарын жашыл экономикага, жашыл энергетикага айландырганга көптөгөн аракеттер жасалып жатканын кошумчалады.
14-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташыган поезд Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы ишке кирет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады. Билдирмеге караганда, поезд 14-июндан 14-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттайт. 15-июлдан тарта августтун аягына чейин күн сайын жүрмөкчү. "Поезд Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:46да жетип калат. Балыкчыдан кайра саат 18:12де чыгып, Бишкекке 22:18де келет. Поезддин ичинде кондиционер, жумшак отургучтар, дивандар жана буфет бар", — деп жазылат кабарда.
Россияда мобилизация жүргүзүүгө эч кандай муктаждык жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин XXVII Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдирди. "Душманды биздин көзөмөлдө болушу керек болгон аймактан сүрүп чыгаруудабыз. Учурда мобилизация жүргүзүүгө эч кандай зарылчылык жок. Аны пландаган да эмеспиз", — деди Россия лидери. Президент бул жылы 160 миңден ашык эр-азамат атайын аскердик операцияга катышууга ыктыярдуу түрдө келишим түзгөнүн кошумчалады. 2023-жылы алардын саны мындан да көп болгон."Өткөн жылы эч кандай мобилизациясыз эле биздин мекенчил жигиттер аскердик комиссариатка келишип, ыктыярдуу түрдө келишим түзүшкөн. Алардын саны 300 миңден ашкан", — деди Путин. XXVII Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июнда Санкт-Петербургда башталган. Ал 8-июнга чейин уланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0