00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:09
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Гипотония: что делать при низком давлении? Советы невролога
14:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШ Грузияга виза боюнча чектөө салууга кам урду. Вашингтондун соңку кадамы

© Sputnik / Александр ИмедашвилиГрузия жана АКШнын желектери. Архив
Грузия жана АКШнын желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2024
Жазылуу
Кескин кадамга грузин парламенти чет элдик агенттер боюнча кабыл алган мыйзам себепкер болду.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. АКШ чет элдик агенттер боюнча мыйзамдан улам Грузия боюнча визалык чектөөлөрдү койгон саясатты киргизе баштады. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтканын РИА Новости жазды.
Эске салсак, мамдепартаменттин башчысы буга чейин Грузиянын мындай кадамына "жооп болоруна" убада берген.
"Мамдепартамент Грузияга визалык чектөө саясатын киргизет. Ал Грузиядагы демократияны жок кылууга катышы барлар же жоопкер адамдарга, аларды үй-бүлөсүнө карата колдонулат", — деген Блинкен.
Мамкатчы чектөө "жарандык коомду зомбулук же коркутуу менен баскандарга" карата колдонуларын тактап айткан.

Грузиянын чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамы

Грузиянын парламенти 2024-жылдын 14-майында үчүнчү, соңку окууда жетектөөчү "Грузин кыялы" партиясы парламентке киргизген "Чет элдиктердин таасиринин ачыктыгы" мыйзам долбоорун кабыл алган.
Документ кирешесинин 20 пайыздан ашыгы чет жактан түшкөн ЖМКларды, коммерциялык эмес юридикалык тараптарды каттоону карайт. Анда "чет элдик таасирдеги агент" термининин ордуна "чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн" термини колдонулуп, ал эми калган бөлүгүнө өзгөрүү кирген эмес.
Мындан улам "чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөйт" деп эсептелгендердин баары мамлекеттик реестрден өтүүгө милдеттүү болот. Каттоо учурунда алган кирешелерин көрсөтүү жана декларация толтуруу зарыл. Эгер баш тартышса 25 миң ларилик (9,5 миң долларга чукул) айыпка жыгылат.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили аталган мыйзамга вето койгон. Анткен менен бул кадам формалдуу мүнөздө, себеби аны жеңүү үчүн парламентке добуштардын көпчүлүгү керек.
Мыйзам долбоорунун процедуралары бул сапар нааразылык митингдери менен коштолду, полиция акцияны кууп таратып, активисттерди кармады. Батыш мамлекеттери Тбилисиге сөөмөй кезей баштады: АКШ эгер документ күчүнө кирсе эки тараптуу мамилени түп-тамырынан карап көрөрүн, ЕБ Грузиянын мүчөлүккө берген арызын тоңдуруп коерун айтты.
Документтин оппоненттери аны Россиядагы мыйзамдын дал өзү деп аташкан, анткен менен чет элдик агенттерди каттоо боюнча мыйзам АКШда да көп жылдан бери иштеп келет. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул тантырагандык болуп жатканын белгилеп, чет элдик агенттер менен күрөшүү системасын киргизген биринчи өлкө АКШ экенин эскертти. Ал эми Грузия бийлиги мыйзам толугу менен укуктук принциптерге негизделип, тиешелүү ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдардын финансысын жыл сайын ачыктоо максатын көздөй турганын айтып келет.
Тбилисиде чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга каршы нааразылык акциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2024
Тбилисидеги нааразылыкка Эстония, Исландия, Литва ТИМ башчылары келди
Жаңылыктар түрмөгү
0