00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Ички иштер министри Улан Ниязбеков туристтик сезондо коомдук тартипти жана жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Бишкек жана Ош шаарларынын жана аймактардагы ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышкан. Анын жүрүшүндө министр мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан туризмди өнүктүрүү саясатын ар тараптуу, анын ичинде коопсуздукту камсыздоо жаатында колдоого алуу зарылдыгын белгиледи. "Бардык региондордо жарандардын жана чет элден келген коноктордун бейпилдигин камсыздоо үчүн коопсуздук карталары түзүлүп, кызматкерлер менен милициянын көчмө кабылдамалары ошого жараша туура бөлүштүрүлсүн. Жергиликтүү жаран болобу же чет элден келген эс алуучу болобу, милицияны издеп убара болбошу керек", — деген министр. Ошондой эле ал аймактык бөлүм башчыларга туристтик аймактардагы кемчиликтерди жоюу боюнча жергиликтүү бийлик менен бирге иш алып барууну тапшырган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автомектептердин унааларын текшерүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Текшерүү автомектептердин транспорт каражаты менен айдоонун сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатканы маалым болду. "Рейд 19-майга чейин уланып, кемчиликтер аныкталса айып пул салынууда", — дешти ЖКККББдан.
Батыш автобекетинин имаратында калкты тейлөө борборлору жайгаштырылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал автобекеттердин айрым жерлери жеке тараптарга менчикке берилип, ал эми имараттары ремонттолбой эскире баштаганына токтолуп, алар толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн айткан. "Оңдоп-түзөө иштеринен кийин мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик каттоо жана калкты тейлөө борборлору жайгаштырылат", — деген ал. Ал президенттин тапшырмасы менен автобекеттер шаардын четине чыгарыларын эске салып, мыйзамсыз сатылган жерлери кайтарылып жатканын кошумчалаган.
Кыргыздын улуттук маданиятын, музыкалык искусство чеберчилигин өнүктүрүү, таланттуу жаштарга чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүү багытында TALANT-show республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сынак 1-июндан 31-августка чейин өткөрүлөт. "Сынактын максаты — музыканын сапатын жогорку деңгээлге көтөрө турган уникалдуу платформа түзүү, көрүүчүлөргө фонограммасыз ырдаган таланттуу үндүн ээлерин алып чыгуу, кыргыз эстрада ырчыларынын жаңы муунун тарбиялоо, композитор, акын, музыкант жана аранжировка менен адистешкендерди колдоо. Ага 15 жаштан 35 жашка чейинкилер катыша алышат", — дешти министрликтен. Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар, клип тартууга колдоо, чет өлкөгө жолдомо жана баалуу белектер тапшырылат. Ал президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө", "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу" жана "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыктарынын алкагында уюштурулууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0