ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Москвада бир нече документтерге кол коюшту. Тизме
23:51 08.05.2024 (Жаңыртылды: 09:59 09.05.2024)
© Sputnik / Александр Казаков / Медиабанкка өтүүЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Москвада бир катар документтерге кол коюшту
© Sputnik / Александр Казаков
/ Жазылуу
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын кийинки жолугушуусу декабрда Санкт-Петербургда өтөт.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Москвада ЕАЭБдин юбилейлик X саммити өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан жана Армениянын жетекчилери төмөнкү документтерге кол коюшту:
Бир жагынан Евразия экономикалык биримдигинин жана ага мүчө мамлекеттердин, экинчи жагынан Монголиянын ортосунда убактылуу соода келишимин түзүү жөнүндө Монголия менен сүйлөшүүлөрдүн башталышы тууралуу;
Евразия экономикалык комиссиясынын регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
2019-жылдын 20-декабрындагы №31 Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
Бир жагынан Евразия экономикалык биримдигинин жана ага мүчө мамлекеттердин, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда товарлардын өндүрүлгөнүн тастыктоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында электрондук маалымат алмашуу жөнүндө чечим;
"Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл" медалы жөнүндө;
"Табигый монополиялардын субъектилеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө" протоколдун 20-пунктунун 5-бөлүгүнө ылайык маалымат берүү жөнүндө (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге 20-тиркеме);
"Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" буйрук.
ЕАЭБ лидерлеринин кийинки жолугушуусу декабрда Санкт-Петербургда өтөт.