9-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл коюу. Архивдик сүрөт
Бишкектеги Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл коюу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
9-майга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бейшемби күнү кечке маал Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Таласта +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +21...+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +30...+32, Ошто +31...+33 градуска көтөрүлөт.
Паркта эс алып отурган аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0