Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликтин "Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү жөнүндө" №693\1 буйругу бекиди. Анда жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыра турган абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан тарта башталары айтылган. 18-майдан 25-июнга чейин ЖРТны өткөрүү мезгили деп белгиленип, төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт: I этап — 18, 19, 20-майда; II этап — 22, 23, 24-майда; III этап — жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21, 22, 23-июнда. Ал эми 17-май, 21-май, 20-июнда тест борборлору даярдалат. Бул күндөрү каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Улуу Жеңиш күнүнө карата эртең, 9-май күнү, Бишкектин бир катар көчөлөрү убактылуу жабыла турганын Кайгуул милициясы билдирди. Маалыматта үч көчөнүн бөлүктөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилери айтылган. Фрунзе көчөсү — Абдрахмановдон Ибраимов көчөсүнө чейин; Шопоков көчөсү — Чүй проспектинен Жумабек көчөсүнө чейин; Ибраимов көчөсү — Чүй проспектинен Жумабек көчөсүнө чейин. Көчөлөр түнкү саат 12:00дөн тарта майрамдык иш-чаралар аягына чыккыча жабык болот.
Ысык-Көлдө жасалма алкоголь өндүргөн цехтердин ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган цехтер калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизген контрафактылык алкоголду чыгарганы такталды. "Ичимдик атайын жабдууларды колдонуу аркылуу мыйзамсыз өндүрүлгөн, өндүрүштүк стандартка жооп бербейт", — деп айтылат маалыматта. Учурда уюштуруучуларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Россия президенти Владимир Путин бир катар өлкөлөрдүн лидерлерин жана элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоо Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Абхазия, Түштүк Осетиянын лидерлерине, ошондой эле Грузия менен Молдованын элине жолдонгон. Россия президенти тарыхты бурмалоо боюнча бардык аракеттерди жокко чыгаруу маанилүү экенин баса белгиледи. Телеграммада аталарыбызга оор сыноолорду татыктуу көтөрүп, фашизмди талкалоого жардам берген достукту, бири-бирине колдоо көрсөткөн адаттарды сактап кийинки муундарга өткөрүп берүү керектиги жазылган. Путин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында калыптанган бир туугандык, достук байланыш өлкөлөр менен элдердин ортосундагы алаканы өнүктүрүүгө түркүк болуп кала берерине ишеним артты. Россия Федерациясынын башчысы ардагерлерге жана тылда эмгектенгендерге ден соолук, бакубатчылык каалаган.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 88 сом 56 тыйынга 1 евро 95 сом 33 тыйынга 1 рубль 97 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 64 сом 50 тыйындан баштап, 65 сом 90 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 71 сом 90 тыйындан, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫБейшемби күнү кечке жакын Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Таласта +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +21...+26 градус ысыйт. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +30...+32, Ошто +31...+33 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0