Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Адахан Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидерлигин бошотуп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди. Маалыматка ылайык, Мадумаров соттук териштирүүгө байланыштуу фракция жетекчилигинен кетүү боюнча арыз жазган. Фракциянын жаңы лидери болуп депутат Исхак Масалиев, орун басарлыгына эл өкүлү Эмил Токтошев шайланды.
Жогорку Кеңеште шайланып келген үч депутат ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Бактыяр Калпаев, №9 Кара-Суу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков, №7 Ош шайлоо округунан Бекмурза Эргешов депутаттыкка шайланган. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Айбек Осмоновдор мандатынан баш тартып, 28-апрелде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Ал эми 7-майда БШК жаңы шайланган депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерди тапшырды.
Бишкекте 8-9-майда №36 автобус, №2 жана №8 троллейбустун каттамдары убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу борбордун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Мындан улам №36 автобус Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейин каттайт. Ал эми №2 жана №8 троллейбустар Жибек Жолу проспекти — Лермонтов көчөсү — Чүй проспекти маршруту боюнча жүрөт. Муниципалдык транспорттун каттамдары 10-майдан тарта кайра калыбына келери кошумчаланды.
10-12-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Синоптиктер 11-майда жана 12-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы күтүлөрүн маалымдашты. Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.
НАТО июль айында АКШда өтүүчү саммитте Украинага аскер жибербөө тууралуу расмий чечим кабыл алышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосу италиялык Corriere della Sera гезитине таянуу менен билдирди. "Бир да жоокердин буту баспайт!" Corriere маалыматына караганда, бул — НАТОнун Вашингтондо 9-11-июлга белгиленген саммитинде бекитиле турган документтин долбоорунда камтылган негизги сөздүн бири. "Кеп Украина жөнүндө болуп жатат. Атлантикалык альянс аскерлерин согушка жибербейт", — деп айтылат макалада. Ошондой эле саммитте "Рамштайн" форматындагы байланыш тобуна төрагалык кылууну НАТОнун Брюсселдеги башкы кеңсесине өткөрүп берүү пландалып (Пентагондун башчысы Ллойд Остинден) жатканы белгиленди. "Бул кадамдын практикалык себеби бар. Киевге жеткирилген материалдардын 99 пайызы Атлантикалык альянстагы 32 өнөктөштөн келет. Мында саясий түшүндүрмө да бар. Батыш блогунун аракеттери улуттук коомдук пикирдин көз алдында да, Владимир Путиндин көз алдында дагы бир добуштан болот", — деди маалыматтын автору. Буга чейин Италия НАТОнун Украинадагы жаңжалга кийлигишүүсүнө каршы экени айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0