Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош облусуна болгон сапарында билдирди. Бишкек, Пекин жана Ташкент бул мегадолбоорду ишке ашыруу механизми боюнча бирдиктүү пикирге келишкени буга чейин маалым болгон. Кытайдын темир жол боюнча мамлекеттик корпорациялары аны ишке ашырууга даярдыгын билдиришкен. Темир жол курулса Кытай менен Борбор Азияны байланыштырып, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат. Кыргызстан бул магистраль салынып калса транзиттик өлкөгө айланмакчы.
Марттын соңуна карата Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 465 миллиард 739,9 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылган.Эске салсак, буга бир гана депозиттин өзү эле эмес, банктык эсептеги акчанын көлөмү да кошулат. Кеп юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле чет элдиктердин эсеби тууралуу болуп жатат.Учурдагы көлөм рекорддук көрсөткүч болуп саналат, бул февраль айынын аягына салыштырмалуу дээрлик 17 миллиард сомго көп. Акыркы жылдары депозиттик базанын көлөмү активдүү өсүүдө. Салыштыра турган болсок, 2023-жылдын март айынын аягында көлөм 352,9 миллиард сом болчу.
2022-жылга салыштырганда өлкөдө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган балдардын саны 44,9 миңге азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.Билдирмеге ылайык, жөлөк пул алгандардын саны калктын кирешесинин, эмгек акынын көбөйүшүнө байланыштуу кыскарган."Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөк пул алган балдардын саны 388 миң 800дү түздү. Анын ичинен 278 миң 800ү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алышат. Анын орточо көлөмү 1 392 сомду түзөт", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Кыргызстанда 17,8 миллион сомго сериал тартуу пландалууда. Ал үчүн Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин "Кыргыз сериал" мамлекеттик мекемеси тендер жарыялаган. Маалыматка ылайык, көркөм чыгарма детектив жанрында болуп, сметалык баасы 17 миллион ​​881 миң 817 сомду түзөт. Анда бекитилген сценарийдин негизинде "Тайган туйгун" көркөм сериалын уюштуруу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр сатып алынары белгиленген. Тендердик сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 10-май.
АКШ президенти Жозеф Байден америкалык аскер күчтөрү Украинага жиберилбей тургандыгын айтты. Бул туурасында Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер билдиргенин РИА Новости жазды."Конгресстин билдирүүсүнө комментарий жасабайм. Президент АКШнын аскерлерин Украинага согушка жөнөтпөй тургандыгын түшүнүктүү кылып айтты", — деген Миллер брифинг учурунда РИА Новостинин журналисти берген суроого жооп кылып жатып.Буга чейин Америка Конгрессиндеги демократиялык азчылыктын лидери Хаким Жеффрис америкалык аскерлердин Украинадагы чатакка катышарын четке какпай тургандыгын билдирген. Анын айтымында, эгерде Киев жеңилүүгө дуушар болсо, Вашингтон өлкөнүн жок болуп кетишине жол бере албагандыктан жогорудагыдай сценарий
Жаңылыктар түрмөгү
0