00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
16 000 сом сый акы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мыйзамсыз курал алып жүрүүдө мыйзам эмне дейт?
11:05
40 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Археология, музеи и кражи: кто охраняет прошлое
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
15:04
40 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Победа с масштабом ЕАЭС: студент КРСУ признан лучшим на международном конкурсе
16:04
42 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Көз мончок
Студенттер жайкы эс алууда эмне менен алектенишет?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Что ждать от форума ЕАЭС в Минске: экономика, бизнес, перспективы
18:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Алыкул менен Мидиндин мамилеси жакшы болгон. Куйкум сөздү Мидин Алыбаевден “чоңдор” эмнеге чочулаган?
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Социальные гарантии и патенты: что изменит правила игры для мигрантов
20:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Сузак районунда массалык манас айтуу учурунда жабыркаган балдардын ата-энелерине президенттин фондунан 200 миң сомдон берилди. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ата-энелер менен жолугушуу учурунда айтты. Анын айтымында, оор жаракат алган балдардын үй-бүлөсүнө 200 миң сомдон берилген. Ал эми жеңил жаракат алган балдардын ата-энелерине 50 миң сомдон бөлүнгөн. Ташиев ата-энелерге акча каражатын тапшырып, президент окуяны тыкыр көзөмөлдөп жатканын айтты. Ошондой эле жабыркаган балдардын абалына жараша аларды Бишкекке алып келип дарылоо маселеси дарыгерлердин чечимине жараша болорун билдирди. Белгилей кетсек, Сузакта 2-майда жайлоодо массалык манас айтуу иш-чарасы учурунда жүк ташуучу унаа жайынан жүрүп кетип, 30 адамды тебелеп кеткен. Алардын ичинен учурда 20 бала ооруканада. Балдардын бешөөнүн абалы оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүндө.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жана Өзбекстан— Афганистан — Пакистан темир жолдорун куруу боюнча алдын ала иштер башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн 2-майда III Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын пикиринде, бул стратегиялык долбоорлор аймактагы геоэкономикалык кырдаалды толугу менен өзгөртүп, Борбордук Азияны Түндүк менен Түштүктү, Чыгыш менен Батышты бириктирген глобалдык транзиттик борборго айлантат. «Өзбекстан инвесторлорду жана эл аралык уюмдарды Улуу Жибек жолун заманбап негизде калыбына келтирүү боюнча бул ири аймактык долбоорлорго катышууга чакырат», — деди өзбек лидери. Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Элдик курултайда темир жолдун курулушу 2024-жылы башталарын айткан.
Подмосковьедеги "Крокус сити холдо" болгон терактыда элди сактап калган үч өспүрүмгө Россия президенти Владимир Путин Өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн медалын тапшыруу жарлыгын чыгарды. Сыйлангандардын арасында теги кыргызстандык Ислам Халилов да бар экенин РИА Новости жазды. "Чукул кырдаалда элди аман алып калуу үчүн чечкиндүүлүк менен эрдик көрсөткөн Артем Донской, Никита Иванов жана Ислам Халилов Өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн медалы менен сыйлансын", — деп жазылат документте. Эскерте кетсек, теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген бир нече эркек киши адамдарга ок чыгарып, жарылуучу заттарды ыргытып, натыйжада 145 киши өмүрү менен коштошкон. Концерттик залда гардеробдо иштеген окуучулар имарат ичинен 100дөй кишини алып чыгышкан, алардан кийин ошол эле жол менен дагы 200гө чукул киши чыгып аман калган.
Кыргызстандан грек-рим күрөшү боюнча 3 балбан Түркияда өтө турган турнирге катышат. Анда Париждеги олимпиада оюндарына лицензия ойнотулат. 87 кг чейинки салмакта Азат Салидинов, Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта, Роман Ким 130 кг салмак категориясында катышат. Париждеги Олимпиада оюндарына акыркы тандоо 9-12-майда Стамбулда өтөт. Франциядагы олимпиада оюндарына жолдомо 1-2-3-орунду ээлеген сспортчуларга ыйгарылат. Учурда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын эсебинде Париждеги Олимпиадага 3 лицензия бар. Кечээ 2-майда эркин күрөш боюнча тандоо турнирине Кыргызстандан 4 балбан катышаары белгилүү болгон. Эркин күрөш боюнча кыргызстандын курама командасында учурда эки жолдомо бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0