00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жол милициясы майрам күндөрү кечкисин Бишкекке кирген унааларды текшеретКыргызстанда батирлерди эми онлайн кайра каттоодон өткөрсө болотКыргызстан менен Өзбекстан соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдөалдыда кененирээк Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу товар айлантууну 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкенттеги эл аралык III инвестициялык форумдун пленардык жыйынында айткан сөзүндө билдиргенин өкмөттөн кабарлашты. "Акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы туристтик агым жогору болуп, эки мамлекеттин өз ара соода жүгүртүүсү эки эсеге өстү, учурда товар айлантууну 2 миллиард долларга жеткирүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат", — деди Жапаров форумда.Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы форумдун энергетика боюнча панелдик сессиясында Кыргызстандын жалпы энергетикалык потенциалы, өлкөдө курулуп жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору тууралуу маалымат берген.
Ошол эле форумда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бүгүнкү күндүн чакырыктарына бир да өлкө жалгыз туруштук бере албастыгын айтты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды. "Өз ара ишеним жана сый-урмат, өз ара колдоо узак мөөнөттүү кызматташуунун бекем тиреги болуп кала берет", — деп белгилеген Мирзиёев өз сөзүндө. Өзбекстан башчысы ошондой эле иш-чара дүйнөдө ири өзгөрүүлөр болуп жаткан маалга туш болгонун кошумчалаган. Анын айтымында, бул ар бир өлкө өзүнүн туура жолун издеп жатканын түшүндүрөт.III Эл аралык инвестициялык форум Ташкентте бүгүн-эртең өтөт. Иш-чара Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулган. Быйыл форумга 93 өлкөдөн 2,5 миң катышуучу келген. Иш-чарага Акылбек Жапаров баш болгон Кыргызстандын делегациясы дагы катышууда.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы батирлерди онлайн кайра каттоо боюнча жаңы сервис ишке киргизилгенин билдирди. Маалыматта сервис "Түндүк" мамлекеттик мекемеси менен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин биргелешкен пилоттук долбоору экени айтылат. "Мындан ары сатып алуу келишими боюнча мүлктү кайра каттоо үчүн кезекке туруунун кажети жок. Эгерде сиз Кыргызстандын жараны болсоңуз, анда өз батириңизди "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн режиминде кайра каттай аласыз", — деп билдирди Санариптик өнүктүрүү министрлиги. Кайра каттоодо сатуучуга, аялы же күйөөсүнө жана сатып алуучуга керек болгон жол-жоболор боюнча нускаманы ведомствонун расмий сайтынан алсаңыз болот.
Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы майрам күндөрү кечкисин Бишкекке кирген унаалар текшерилерин эскертти.Маалыматта өзгөчө шаар четиндеги эс алуу жайларынан келе жаткан автокөлүктөр көзөмөлгө алынары айтылат. "Кечкисин шаарга кире бериш жайларда атайын күзөттөр орнотулуп, эс алуудан келе жаткан унаалардын баары текшерилет. Айрыкча мас болуп унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт", — деп билдирди жол милициясы. Буга чейин өлкөдө 1-майдан 10-майга чейин ЖКККББ жана Кайгуул кызматы тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлөрү айтылган. Мындай чара майдагы майрамдарда элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0