Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

SputnikPro долбоору. Радиоэфирде спикерди, теманы кантип ачып берүүгө болот?

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан радиостудиясында микрофон. Архив
Sputnik Кыргызстан радиостудиясында микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
SputnikPro долбооруна Бишкек гуманитардык университетинин, Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик окуу жайдын жана Улуттук университеттин студенттери катышты.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Теледе болобу, радиодо болобу, журналист же алып баруучу теманы угарман түшүнгөндөй кылып ачып бериши керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун редактору жана алып баруучусу Айтурган Сатиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн мастер-класста билдирди.
SputnikPro долбооруна Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик окуу жайдын жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышкан. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин студенттери да онлайн кошулду.
© Sputnik / Жоомарт УраимовSputnik Кыргызстан радиосунун редактору жана алып баруучусу Айтурган Сатиева
SputnikPro: Почему журналисту важно быть хорошим продюсером - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Sputnik Кыргызстан радиосунун редактору жана алып баруучусу Айтурган Сатиева
Сатиева студенттерге радионун өзгөчөлүгү, артыкчылыгы тууралуу айтып берип, эфир алып баруунун жол-жобосун түшүндүрдү.
"Радиожурналист бир эле учурда маданиятты, спортту, саясатты да алып барып калышы ыктымал. Ошол себептен кандай гана тема болбосун, ар бир эфирге жакшылап даярдануу керек. "Эфир адашканды кечирбейт" деп коет. Алдын ала теманы журналист өзү жакшылап түшүнүп албаса, тема ачылбай калышы толук ыктымал. Түшүнбөй жатсаң башкалардан уялбай сурап алган оң. Эгер сен жакшы билген тема болсо "билем" деп спикер менен кошо жарышып талашпай, угармандын деңгээлине түшүп, суроолорду ошого жараша бериш керек. Спикер оюн аягына чыгарганга чейин күтүп, уга билгенди эстен чыгарбагыла", — деген редактор.
Сатиева маек алууда редакциянын саясатын эске алып, жекеликке өтүп кетпеш керектигин белгиледи. Ошондой эле чакырган конок менен ачык, сылык болуп, жөнөкөй сүйлөшүп, дипломат болуу зарылдыгын кошумчалады.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар.
Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу Наталия Князева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Пресс-борбор
"Оор" интервьюларды кантип өткөрүү керек? Радио алып баруучунун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0