Системалуу коррупцияга шектелип беш салыкчы кармалды

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлер аныкталып жатат.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Системалуу коррупцияга шектелип Салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын беш кызматкери кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматта алар Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин ("Адамдардын тобу тарабынан пара алуу") негизинде колго түшүрүлгөнү айтылат.
УКМК аталган кызматкерлер байкоо камералары коюлбаган жерлерде салыкка байланышкан айрым маселелерди чечип же тездетип бергени үчүн байма-бай акча алып турушканын аныктаган.
"Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен ишкердик субъектилеринен акча алган көптөгөн фактылары документтештирилген. Шектүүлөр 22-апрелде кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат кабарда.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлер аныкталып жатканы кошумчаланды.
Кишен жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
УКМК: Ноокатта 41 гектар жерди элге мыйзамсыз берген кызмат адамдары кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0