00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Электросамокаттарды пайдаланууну жөндөгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Аталган документ менен жеке мобилдүүлүк каражаты (электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөр) түшүнүгү киргизилип, аны пайдалануу эрежелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалангандар төмөнкүлөргө милдеттүү: атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал эми ал жок болгон учурда кыймылдын багыты боюнча жолдун жээгинин оң чети менен жүрөт; караңгыда жана жакшы көрүнбөй калган учурда жарык чагылдыруучу элементтерди тагынышы керек; жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүү пунктуларынын ээлери жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, ошондой эле мобилдүү транспортту талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү; эгерде жеке мобилдүүлүк каражаты бузулуп кырсыкка себеп болсо, жоопкерчилик жеке мобилдүүлүк каражатынын менчик ээлерине жүктөлөт.
Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) Лениград мамлекеттик университети (ЛМУ) менен кызматташат. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко баштаган делегация Кыргызстанга иш сапар менен келип, анын алкагында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети менен А.С. Пушкин атындагы ЛМУнун ортосундагы меморандумга кол коюлган. Жолугушууда КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов университеттер арасында студенттер менен мугалимдерди алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеген. Өз кезегинде Ленинград мамлекеттик университетинин ректору Григорий Двас ал жетектеген окуу жай КРСУнун студенттерин жана окутуучуларын кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жети жашар баланын сабалышы боюнча мамлекеттик органдарды чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, Жаманбаевага Бишкектеги мектептердин биринде сабалган 1-класстын окуучусунун апасы кайрылып, баланы урган адам камалбай жүргөнүнө нааразычылыгын билдирген. Ошондой эле ал мектеп тарабынан жазылган арыз кабыл алынбаганын айтып, тергөөчүнүн ишине арызданган. Акыйкатчы институту тийиштүү мамлекеттик органдарга баланын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу талабын койгону айтылды. Ошондой эле эне менен балага акысыз жактоочу жана психолог берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ыкчам чаралар көрүлгөнү кошумчаланды.
Индиянын эки жараны көлгө чөгүп, каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-апрелде милицияга Чолпон-Атадагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу борборунда болжол менен саат 13:00дөр чамасында Индиянын эки жараны көлгө чөгүп кеткендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Райондук милиция жерине барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. "Натыйжада Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери, Индиянын 20 жаштагы А.Р. жана 19 жаштагы Д.Ч. аттуу жарандары пирстен сууга секирип, чыга албай чөгүп кетишкени аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Маркумдардын жердештери күбө катары суралып, студенттер пирстен көлгө секиргенин тастыкташкан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0