00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин жазаланчуларды тизмектеди.Ал — Бишкек Жылуулук электр борборундагы ( авариянын себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси. Бүгүн Төрөбаев комиссиянын ишинин жыйынтыгын айтты."Энергетика тармагын 2023-2024-жылдарга жылуулук мезгилине даярдоо жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана башка ишканалардын ишмердүүлүгүнө жетишерлик көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнө байланыштуу энергетика министрине сөгүш жана бул тармакты караган министрдин орун басарына катуу сөгүш жарыялоо чечими кабыл алынган, ошондой эле ЖЭБдин кызматкерлерине карата тартиптик жаза чаралары каралууда", — деди Төрөбаев. Анткен менен кызматкерлердин ысымдары аталган жок. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ЖЭБ 1961-жылы курулганын жана бардык жабдыктар эскиргенин кошумчалады.
Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал деп эсептелген Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап жатканын президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы спортту өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатканын айтып, спортчуларга жакшы натыйжаларга жетиши үчүн шарттар түзүлөрүн убадалады. Өз кезегинде Кубатов дүйнөдөгү бардык сегиз миңдик чокуларды багындырууну камтыган абройлуу жана татаал "Жер Таажысы" программасына катышкандыгы тууралуу айтып берген. Альпинист алдыдагы жүрүштөрүндө кычкылтек колдонулбай "сплит" режиминде жүргүзүлөрү белгиленди. Президент спортчуга кыргыз желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалаган.
Папан суу сактагычына чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлганын Энергетика министрлиги маалымдады.Билдирмеге ылайык, келишим "Чакан ГЭС " ачык акционердик коому менен "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн. Документке ишкана башчылары Нурлан Садыков менен Цзян Лицзи кол коюшту. Папан суу сактагычы Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Макулдашуу боюнча, анда кубаттуулугу 20-25 мегаваттка чейинки чакан ГЭС курулат. Мекемеден белгилешкендей, инвестициялык долбоордун көлөмү 27 миллион долларды түзөт. Ошондой "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ЖКЧсы Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алганын кошумчалашты.
Оор класстагы "Ангара-А5" алгач ирет Восточный космодромунан учканын РИА Новости жазды. Бул маанилүү окуя саат 15:00дө болду. Ал көтөрүлгөндөн 12 мүнөт 26 секунда өткөндөн кийин от алган "Орион" блогу ракетанын үчүнчү — орбитага салмак менен алып чыккан бөлүгүнөн ажыраган."Ангара-А5" биринчи ирет 9-апрелде уча турган болгон. Бирок техникалык себептерден улам кийинкиге жылдырылган. Анын уча турган инфраструктурасы аталган космодромдо 2018-жылдан тарта курула баштаган. Буга чейин жеңил класстагы "Ангара-А1.2" жана оор класстагы "Ангара-А5" Архангельскидеги Плесецк космодромунан кое берилген. Келечекте Амур космодромунан жаңыланган "Ангара-А5М" ракетасынын учурула турганын айтышты. Анын жардамы менен космоско россиялык орбиталык станциялардын модулдарын алып чыгышмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0