Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский 1991-жылкы чек араны козгобой Россия менен сүйлөшүүнүн четин чыгарды

© AP Photo / Evgeniy MaloletkaУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Жазылуу
Москва буга чейин сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу билдирген.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Москва менен Киевдин ымалага келүү боюнча сүйлөшүүлөрү Украинанын чек арасын 1991-жылдагы абалга кайтарууну козгобой туруп баштоо мүмкүнчүлүгүн биринчи жолу оозанды. Эми ал Украинанын 2022-жылдагы чек арасы жөнүндө гана сүйлөп жатканын РИА Новости агенттиги жазды.
Буга чейин Киев бийлиги Россия аскерлери Украинанын 1991-жылдагы чек араларынан чыкмайынча сүйлөшүүнү баштоо мүмкүн эместигин айтып келген.
Зеленский CBS News телеканалына курган маегинде эгерде Украина 2022-жылдагы, атайын операция башталганга чейинки чек араларга кайта алса, Россия сүйлөшүүгө барууга даяр болорун айткан.
"Биз аймактарыбыздын баарын бир гана согуш жолу менен кайтарып алышыбыз керек эмес. Мен ал (РФ президенти Владимир Путин) 2022-жылдан бери басып алгандарын кайра жоготуп алса гана диалогго барууга даяр болот деп ойлойм", — деген Зеленский.
Москва буга чейин сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу билдирип келди, бирок Киев мыйзам деңгээлинде буга тыюу салган. Батыш өлкөлөрү Москваны сүйлөшүү жолуна чакырып келет. Буга Россия дайыма даяр экенин айтканы менен Батыш Киевдин сүйлөшүүдөн баш тартканын көңүл сыртында калтырууда.
Буга чейин Кремль Украинадагы абалды азыр тынчтык жолуна салууга негиз жоктугун, Россия үчүн башкы приоритет атайын операциянын максатына жетүү экенин, бул согуш жолу менен гана мүмкүн болуп жатканын айткан. Москва Украинадагы жагдай Киев де-факто абалын жана жаңы реалдуулукту кабыл алганда гана тынчтык жолуна түшөрүн, ал эми Москванын бардык талаптары Киевге белгилүү экенин билдирген.
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский: Украина Американын жардамысыз Россиядан жеңилет
Жаңылыктар түрмөгү
0