Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

Бир улутту күнөөлөгөн болбойт. Ташиев "Крокустагы" теракт боюнча үн катты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Жазылуу
УКМК башчысы бир тууган өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын биргелешкен аракети "жалган исламчылардын" кылмыштуу максаттарын ишке ашырууга жол бербейт деп ишенерин белгилеген.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык баракчасы аркылуу Россиянын "Крокус сити холл" концерттик залында болгон теракт боюнча үн катты.
УКМК башчысы каргашалуу окуяга Кыргызстан да кайгырып жатканын айтып, болгон окуя үчүн бүтүндөй бир улутту күнөөлөө туура эмес экенин белгилеген.
"Террорчулардын улуту жок деп коет. Россияда мигранттарга каршы иш жүргүзүүгө жана улуттар аралык кастыкты козутууга кызыкдар террорчуларды ээрчип, болгон окуя үчүн бүтүндөй бир элди күнөөлөгөн туура эмес. Тажикстандын атайын кызматы терроризм менен экстремизге каршы кынтыксыз күрөшүп жатканын белгилеп кетейин. Мындай кылтакка ар бир мамлекеттин жараны илинип калышы ыктымал. Терактыга буйрук бергендер бир улуттун өкүлдөрүн кокусунан тандап алган жок", — деген Ташиев.
Ал бир тууган өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын биргелешкен аракети "жалган исламчылардын" кылмыштуу максаттарын ишке ашырууга жол бербейт деп ишенерин белгилеген.
2024-жылдын 22-мартында кечинде "Крокус сити холлдун" концерттик залында теракт жасалган. Кандуу калабадан 140тан ашык адам каза болду.
Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 9 киши камакка алынды. ФСБ билдирген маалыматка таянсак, террорчулар колдонгон куралдар мурда жашыруун жерде атайын сакталып турган.
Крокустагы теракт. Сот тогузунчу шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
"Крокустагы" теракт. Сот тогузунчу шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0