https://sputnik.kg/20240328/chpu-krokustagy-terrorchular-ukrain-ulutchuldary-1083809017.html
"Крокустагы" террорчулардын Украинадагылар менен байланышы болгону айтылды
"Крокустагы" террорчулардын Украинадагылар менен байланышы болгону айтылды
Sputnik Кыргызстан
Террорчулукту каржылоо схемасына тиешеси бар деп дагы бир шектүү аныкталып, кармалды. 28.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-28T23:33+0600
2024-03-28T23:33+0600
2024-03-29T09:44+0600
дүйнөдө
россия
теракт
"крокустагы" теракт
украина
тергөө комитети
далил
подмосковьедеги “крокус сити холлдо” болгон теракт
москва
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1c/1083808440_0:127:3187:1920_1920x0_80_0_0_d85a2d044236e1859e25c6ce0133ce68.jpg
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Крокустагы" террорчулардын Украина менен байланышы болгону тууралуу далилдер алынды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитети Telegram каналында билдирди. Далилдер кармалгандар менен иштөөнүн, алардын гаджеттерин изилдөөнүн жана финансылык операциялар тууралуу маалыматтарды талдоонун натыйжасында алынганы айтылат. Террорчулукту каржылоо схемасына тиешеси бар деп дагы бир шектүү аныкталып, кармалды.Комитет терактынын аткаруучуларына Украинадан көп суммадагы акча жана криптовалюта келип түшкөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар бар экенин белгиледи.Буга чейин Бортников Украинанын атайын кызматтары терактыга көмөктөшкөнүн, бирок аны радикалдык маанайдагы исламчылар даярдаганын айткан. Ал терактынын артында АКШ, Британия жана Украина турушу мүмкүндүгүн белгилеген. Атайын кызматтын директору буюртма бергендер аныктала электигин, бирок кол салууну уюштургандар жана аткаруучуларды азгыргандар белгилүү болуп турганын билдирген. Ал теракт Батыштын атайын кызматтары менен Украинага Россиядагы кырдаалды курчутуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу үчүн керек болгонун түшүндүргөн. Бортников кылмышкерлерди коңшу мамлекеттин аймагында "баатырлардай" тосуп алууга камынышканын да айткан.Соңку маалыматтар боюнча, 22-мартта болгон "Крокустагы" терактыдан 143 адам көз жумган. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, бүгүн 84 сөөктүн кимге тиешелүү экендиги аныкталган. Булардын ичинде курагы 9дан 16га чейинки беш бала бар экени маалым болду. Ал эми шектүүлөр 23-мартта Брянск облусуна жакын жерден кармалган. Москванын Басман соту аларды 22-майга чейин камакта калтырды.
https://sputnik.kg/20240326/krokustagy-teraktynyn-khronologiyasy-1083730252.html
украина
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1c/1083808440_229:0:2960:2048_1920x0_80_0_0_7fab345dd1bb26bdb6b4988a931158fb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, теракт, "крокустагы" теракт, украина, тергөө комитети, далил, москва
дүйнөдө, россия, теракт, "крокустагы" теракт, украина, тергөө комитети, далил, москва
"Крокустагы" террорчулардын Украинадагылар менен байланышы болгону айтылды
23:33 28.03.2024 (Жаңыртылды: 09:44 29.03.2024) Террорчулукту каржылоо схемасына тиешеси бар деп дагы бир шектүү аныкталып, кармалды.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Крокустагы" террорчулардын Украина менен байланышы болгону тууралуу далилдер алынды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитети
Telegram каналында билдирди.
Далилдер кармалгандар менен иштөөнүн, алардын гаджеттерин изилдөөнүн жана финансылык операциялар тууралуу маалыматтарды талдоонун натыйжасында алынганы айтылат. Террорчулукту каржылоо схемасына тиешеси бар деп дагы бир шектүү аныкталып, кармалды.
Комитет терактынын аткаруучуларына Украинадан көп суммадагы акча жана криптовалюта келип түшкөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар бар экенин белгиледи.
Буга чейин Бортников Украинанын атайын кызматтары терактыга көмөктөшкөнүн, бирок аны радикалдык маанайдагы исламчылар даярдаганын айткан. Ал терактынын артында АКШ, Британия жана Украина турушу мүмкүндүгүн белгилеген. Атайын кызматтын директору буюртма бергендер аныктала электигин, бирок кол салууну уюштургандар жана аткаруучуларды азгыргандар белгилүү болуп турганын билдирген. Ал теракт Батыштын атайын кызматтары менен Украинага Россиядагы кырдаалды курчутуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу үчүн керек болгонун түшүндүргөн. Бортников кылмышкерлерди коңшу мамлекеттин аймагында "баатырлардай" тосуп алууга камынышканын да айткан.
Соңку маалыматтар боюнча, 22-мартта болгон "Крокустагы" терактыдан 143 адам көз жумган. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, бүгүн 84 сөөктүн кимге тиешелүү экендиги аныкталган. Булардын ичинде курагы 9дан 16га чейинки беш бала бар экени маалым болду.
Ал эми шектүүлөр 23-мартта Брянск облусуна жакын жерден кармалган. Москванын Басман соту аларды 22-майга чейин камакта калтырды.
26 Жалган Куран 2024, 10:52