Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

Ислам да бар. "Крокустагы" терактыда эрдик көрсөткөн балдар Мамдумага чакырылат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКрокус Сити Холлдун жанындагы мемориалга эл теракттын курмандыктарын эскерүү үчүн тизилип турат.
Крокус Сити Холлдун жанындагы мемориалга эл теракттын курмандыктарын эскерүү үчүн тизилип турат. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Жазылуу
Депутат балдардын эрдигине ыраазы болуп, ата-энелери менен кошо чакырыла турганын убадалаган.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россияда "Крокус сити холлдо" теракт учурунда адам өмүрүн сактап калган өспүрүмдөрдү Мамлекеттик Думага чакырууну көздөшүүдө. Бул тууралуу төмөнкү палатанын үй-бүлөнү коргоо комитетинин башчысы Нина Останинанын сөзүнө таянып РИА Новости жазды.
Эл өкүлүнүн айтымында, эрдик көрсөткөндөрдүн арасында Ислам Халилов, Никита Иванов, София Майер, Артем Донсков жана башка балдар бар. Белгилей кетсек, Ислам Халиловдун ата-энеси Кыргызстанда туулганы тастыкталган. Атасы Бактияр Сузактан, апасы Айпери Өзгөндөн, өзү үч бир туугандын улуусу экени белгилүү болду. "Крокуста" гардеробдо иштеген Ислам теракт учурунда 100дөн ашык адамга сыртка чыгууга жол көрсөтүп, алардын өмүрүн сактап калган.
"Достор, 22-марттагы каргашалуу күнү эч нерседен коркпой эрдик кылган жигит, кыздардын ысымдарын угуп жатам. Бардык эр жүрөк балдарды ата-энелери менен жакын арада Мамдумадагы биздин комитетке сөзсүз чакырабыз", — деп жазган эл өкүлү өзүнүн Telegram каналына.
Депутат аларга аралыктан болсо да ыраазычылык билдирген.
Буга чейин Исламга Россиянын муфтийи Эмгек медалын тапшыра турганы, Мамлекеттик Думанын депутаттары дагы сыйлоого белсенип жатканы кабарланган.

"Крокустагы" теракт

22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" залында концерт алдында ок атылып, өрт чыккан. Залга камуфляж кийген бет капсыз бир нече адам кирип келип, адамдарды аткылаган. Ошондой эле жардыруучу каражаттарды ыргытышкан. Россиянын президенти Владимир Путин 24-мартты Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.
Ишембиде эртең менен ФСБ директору Александр Бортников Владимир Путинге Брянск облусунан 11 адам кармалганын, анын төртөө аткылоого түздөн-түз катышкандар экенин маалымдаган. Террорчулар автоунаа менен качууга жана Украинанын чек арасына өтүп кетүүгө аракет кылышкан. Шектүүлөрдүн баары эки айга камакка алынды.
Крокус Сити Холлдогу атышуунун кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиядагы терактыда адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0