Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

"Крокустагы" терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүүМосквадагы теракт
Москвадагы теракт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Жазылуу
Подмосковьедеги ооруканаларга жаракат алган 115 адам түшкөн.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Аткарылган иштердин жыйынтыгында жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик менен Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги каргашалуу окуяда жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин улантууда.
Жума күнү, 22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган.
ФСБ алдын ала маалымат боюнча 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.
Соңку маалыматка караганда, Подмосковьедеги ооруканаларга жаракат алган 115 адам түшкөн. Россиянын Саламаттык сакто министрлиги алардын ичинен 60 адамдын абалы оор экенин билдирди.
Кыргызстандын элчилиги эки кыргызстандык жабыркаган деген маалыматты тактап жатканын кабарлады. Зарылдык жаралса Кыргызстандын атуулдары өкүлчүлүккө +7 925 115 50 47 жана Тышкы иштер министрлигине +996 999 312 002 номерлери аркылуу байланышса болот.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Кыргыз өкмөтү "Крокустагы" терактыдан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0