https://sputnik.kg/20240307/kolbayev-kumtordon-algan-payda-1083254845.html
УКМК: Көлбаев "Кумтөрдөн" тымызын пайда көрүп турган
УКМК: Көлбаев "Кумтөрдөн" тымызын пайда көрүп турган
Sputnik Кыргызстан
Атайын кызмат Көлбаев көзөмөлдөгөн фирмалардын Б. А. Б. жана Х. Д. А. аттуу жетекчилерин кармаган. 07.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-07T18:27+0600
2024-03-07T18:27+0600
2024-03-07T18:27+0600
кыргызстан
камчы көлбаев
кумтөр
кумтөр голд компани
пайда
фирма
https://sputnik.kg/img/103133/20/1031332086_0:0:6016:3385_1920x0_80_0_0_8635aa19bb99d5149ab6e7d34e0698e3.jpg
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Камчыбек Көлбаев "Кумтөр голд компани" келишиминен пайда алып турганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, атайын кызмат Көлбаев көзөмөлдөгөн фирмалардын Б. А. Б. жана Х. Д. А. аттуу жетекчилерин кармаган.Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо" беренеси боюнча иш козголуп, кармалгандар Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген."Кумтөр голд компани" ишканасынын маалымат кызматы "Гранд Электроникс Стафф" ЖЧКсы кенде тамак-аш боюнча кызмат көрсөтпөй калганын билдирди."Компания "Кумтөрдү" тышкы башкаруу учурунда кызмат көрсөтүү үчүн тартылган жана кен менен 2022-жылдын майынан 2023-жылдын февралына чейин иштешкен", — дешти компаниядан.
https://sputnik.kg/20240305/kolbayev-uyushkan-kylmyshtuu-top-mucho-karmaldy-1083191467.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103133/20/1031332086_607:0:5962:4016_1920x0_80_0_0_7faed8ffb943cf9835e42073c2fa0ca7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, камчы көлбаев, кумтөр, кумтөр голд компани, пайда, фирма
кыргызстан, камчы көлбаев, кумтөр, кумтөр голд компани, пайда, фирма
УКМК: Көлбаев "Кумтөрдөн" тымызын пайда көрүп турган
Атайын кызмат Көлбаев көзөмөлдөгөн фирмалардын Б. А. Б. жана Х. Д. А. аттуу жетекчилерин кармаган.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Камчыбек Көлбаев "Кумтөр голд компани" келишиминен пайда алып турганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, атайын кызмат Көлбаев көзөмөлдөгөн фирмалардын Б. А. Б. жана Х. Д. А. аттуу жетекчилерин кармаган.
"Кримтөбөл өз адамдары аркылуу алтын кенде иштегендерди тамак-аш менен камсыздоо боюнча "Гранд Электроникс" жеке компаниясы менен "Кумтөрдүн" ортосунда келишим түздүргөн. Андан түшкөн пайда кылмыштуу топторго байланышкан башка фирма аркылуу Көлбаевдин чөнтөгүнө келип турган", — деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо" беренеси боюнча иш козголуп, кармалгандар Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Кумтөр голд компани" ишканасынын маалымат кызматы "Гранд Электроникс Стафф" ЖЧКсы кенде тамак-аш боюнча кызмат көрсөтпөй калганын билдирди.
"Компания "Кумтөрдү" тышкы башкаруу учурунда кызмат көрсөтүү үчүн тартылган жана кен менен 2022-жылдын майынан 2023-жылдын февралына чейин иштешкен", — дешти компаниядан.