Былтыр каржы пирамидасы менен элди 68 млн. сомго алдаган 40 адам жоопко тартылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши сом купюралары менен. Архив
Киши сом купюралары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Кылмыштардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жылы 350 адам каржы пирамидасы боюнча шылуундардын тузагына түшүп, 68 миллион сомдон ашык акчага алданган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
2023-жылы каржы пирамидасы боюнча фактылар менен жалпысынан 358 кылмыш иши тергелип, 217синин тергөөсү аяктаган.
"Кылмыштардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жалпысынан 40 адам жоопко тартылды", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ кыргызстандыктарга кайрылып, акчаны мындай уюмдарга салуудан мурун маалыматты тактап, документтерин талап кылып, кылдаттык менен кадам жасоого чакырат.
Сот балкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
"Ихсандын" башында тургандар 12 жылга чейин кесилип, мүлкү конфискацияланды
Жаңылыктар түрмөгү
0