Мөңгүнүн эриши, суу тартыштыгы. Кыргызстандагы кооптуу климаттык өзгөрүүлөр

© Sputnik / Александр КряжевТуристтер мөңгүнүн жанынан өтүп бара жатышат. Архив
Туристтер мөңгүнүн жанынан өтүп бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Жазылуу
Окумуштуулар глобалдык климаттык өзгөрүүлөр эң оболу тоолуу өлкөлөрдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы турмушту өзгөртүп кое аларын айтышат.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети элдин жашоосуна кандай таасир этерин Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун жер үстүндөгү суу ресурстары лабораториясынын башчысы Ольга Стрижанцова айтып берди.
— Эмне үчүн окумуштуулар климаттык өзгөрүүлөр тоолуу өлкөлөрдө кыйла сезилерлик болот дешет?
— Чындап эле биздин тоолуу республика глобалдык жылуулук процессине алгачкылардан болуп "үн катты". 1976-жылы эле Дүйнөлүк метеорологиялык уюм парник газдарынын деңгээли, алардын атмосферада топтолушу жогорулаганын билдирген. Бул климатка таасир этпей койбойт эле. Планетанын ар кыл чөлкөмүндөгү жылуулук көрүнүшүн изилдөө жүргүзө турган дүйнөлүк климаттык программа түзүлгөн. Чындап эле тоолуу аймактар климаттын өзгөрүшүнөн тезирээк таасирленет экен. Эң оболу мөңгүлөр тездик менен эрий баштап, бул процесс ылдамдап, тегиз территориялардагы көрүнүштөргө караганда көбүрөөк көзгө урунат.
— Жер бетиндеги климаттык өзгөрүүлөр адамзаттын жок болушуна алып келери жөнүндөгү билдирүүлөрдөн чочулоонун кажети барбы?
— Эки башка көз караш бар. Биринчисин кармангандар климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети өтө оор болорун боолголошот. Башкалары биз эбак жаңы шарттарда жашап жатканыбызды белгилешет. Мага да ушул пикир жакыныраак.
Климаттык өзгөрүүлөр мурунку замандарда да байкалып турган. Динозаврлар доорунда планетада күндүн орточо табы азыркыдан 6-10 градус жогору экен. Кийин бир нече ирет климаттык апаат, суук каптаган учурлар болгон: планета боюнча климаттын андай өзгөрүүлөрү жер каймактагандан тарта байкалып келет. Ошондуктан дал адамзаттын ишмердиги глобалдуу жылуулукка алып келди деп айтуу анчейин адилеттүү эмес.
Чындыгында атмосферада парник газдарынын деңгээли көтөрүлүп жатат. Бирок алардын бир бөлүгү табигый түрдө жаралууда. Адам фактору XIX кылымдын ортосунда пайда болгон. Ошол тушта инструменталдык метеорологиялык өзгөрүүлөр байкала баштаган. Климат андан мурун кандай экенин айтыш кыйын.
Күндүн табы адамзат жаралгандан бери алмашып турарын элдин бир жерден башка жакка көчүп, жер которушу гана тастыктап турт. Адамдар кай жакта жашоого ыңгайлуураак болсо, ошол жакка бет алган. Андай көрүнүш далай кайталанган.
© Sputnik / Акбар АкжигитовУлуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун жер үстүндөгү суу ресурстары лабораториясынын башчысы Ольга Стрижанцова
Заведующая лабораторией поверхностных водных ресурсов ИВПиГ НАН КР Ольга Стрижанцова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун жер үстүндөгү суу ресурстары лабораториясынын башчысы Ольга Стрижанцова
— Демек, кам санабай койсок болобу?
— Таптакыр тынчып отуруп калууга болбойт, бирок санаага да алдырыштын кажети жок. Кырдаалды туура баалаган оң.
Кыргызстанда акыркы 70 жылда мөңгүлөрдүн пайда болушу 16 пайызга кыскарып, ири мөңгүлөрдүн аянты азайып, майдалары көбөйдү.
Баарынан көбүрөөк Талас облусу жабыркап, аймакта мөңгүлөрдүн аянты дээрлик 47 пайызга кыскарды. Бул былтыр Киров суу сактагычын толтуруу көйгөйү келип чыкканда даана белгилүү болду. Чүй, Ысык-Көл жана Нарын – Сыр-Дарыя бассейндери мөңгүлөрүнүн 14 пайыздан 17 пайызга чейинкисин, ал эми Кара-Дарыя – Сыр-Дарыя 11 пайызын жоготту. Муз көбүрөөк тоңгон массивдүү жерлерде мөңгүнүн эриши жайыраак экени байкалат. Мындай процесс мөңгүлөр жайгашкан бийиктикке жараша жүрөт.
Окумуштуулар байкоо салууну токтотушпайт. Атап айтканда, Суу көйгөйлөрү институтунун Ысык-Көл бассейнинде байкоо жүргүзүүчү Тянь-Шань бийик тоолуу гляциологиялык илим-изилдөө борбору бар.
Станцияларда чындап эле мөңгүлөрдүн чегинүүсү катталууда. Бирок бир аз топтолгон жылдар да болбой койбойт.
— Мөңгүлөр тынымсыз эрип жатса Кыргызстан эмне үчүн суу тартыштыгына тушугуп келет?
— Биздин лаборатория дарыялардын агымын 70-90 жылга эсептеп чыккан. Дарыяларга жүргүзгөн бардык байкоолордун жыйынтыгын алып, кандай тенденция жүрүп жатканына көз салдык. Дайралардын көпчүлүгүндө агымдын көбөйгөнүнө күбө болдук. Гидрологиялык үлгүлөргө караганда, жакынкы он жылдыктарда да бул сезилбей койбойт. Анткен менен бул бүтүндөй бир жыл аралыгындагы орточо көрсөткүч экенин эске алуубуз абзел.
Дарыянын агымы өзгөрүп турат: кышында азая түшүп, жазында кардын эришинен улам суу кирет. Ал эми жайында агын суулардын көбөйүшүнө мөңгүлөрдүн эриши себеп экени түшүнүктүү. Күзгө чейин баары кайра тоңуп, дарыя жер астындагы суулар менен азыктанат. Ошол себептен кар азыраак жааган жылдары мөңгүлөр эригенче агымдар токтоп калат. Тилекке каршы, мындай көрүнүш сугат сууга зарыгып турган маалга туш келип калат.
© Sputnik / Акылбек БатырбековМаловодие на Токтогульском водохранилище
Маловодие на Токтогульском водохранилище - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
— Аталган көйгөйдү суу сактагычтарды куруу менен чечүүгө болобу?
— Сезондук, жылдык, он күндүк жөнгө салуу бассейндери ошол дайралардагы суу деңгээлинин азайып же көбөйүшүнө ыңгайлашууга көмөкчү. Бул курулуштарды пайдаланууда жана жаңысын курууда кечигип жатабыз, булардын баары мурда эле жасалса болмок. Мөңгүлөр эриген маалда да, деңгээли азая түшкөн кышкысын да сууну топтоо керек. Зарылдыгы чыкса, сугат кызып турган учур үчүн үнөмдөп коюуга болот.
— Быйыл да суу тартыш болобу?
— Биринчиден, андай көрүнүшкө жол бербөө үчүн бийлик мурунку жылдардан кандайдыр бир бүтүмдөрдү чыгарып, ишти баштады. Анткен менен бул жылга карата жоромол айтууга али эртелик кылат. Болжол менен март айында кышындагы жаан-чачындын көлөмү, тоолорго канча кар түшкөнү так белгилүү болуп калат. Кыргызгидромет өлчөө станцияларында гидрологиялык, ошондой эле республиканын тоолуу райондорундагы жаан-чачын туурасындагы маалыматтарды топтойт. Алардын негизинде быйыл бизди эмне күтөрү боюнча корутунду чыгарууга болот. Сугат маалына да ушундай эсеп жүргүзүлүп, божомол түзүлөт.
Узак мөөнөттүү, маселен, беш жылга божомол айтуу кыйын. Ал таптакыр так болбой калышы ыктымал. Анткени адегенде канча жаан-чачын түшүп, күндүн табы кандай болорун жоромолдоп, ошону менен бирге эле буларга тиешелүү бир катар факторлорду эске алуу абзел. Эгер жоопкерчилик менен чарба жүргүзүп суу топтоого үйрөнүп, аны сарамжалдуу бөлүштүрүүнү өздөштүрсөк, суу тартыштыгы жаралса да анчалык катаал болбой турганын бөркүңүздөй көрүңүз.
Албетте, суу ресурстарына таасир эткен климаттык өзгөрүүлөр бизде да катуу сезилет, ошондуктан алардын кесепетине кабылбоо үчүн илимге кулак салып, алдын алуу чараларын көрүү кажет.
— Климаттык өзгөрүү сууга карата мамилебизге таасир этиши керекпи?
— Сууга дайым сарамжал болууга тийишпиз. Таза суу кенен болуп, кранды бурап эле суусунду кандырып кынык алып калганбыз. Планетанын бөлөк чөлкөмдөрүндө, айрыкча чөлдүү аймактарда андайды көрбөйсүз. Алар сууну үнөмдөөгө көнгөн. Сууну сарамжалдоону кадыресе көрүнүш катары санашат. Ал эми бизде тетирисинче мамиле жасалат эмеспи.
Биз коротуп көнгөн көлөмдө суу болбой калышы ыктымал, ошондой убак келе жатат. Борбор Азиянын калкы да кескин көбөйүп, сууну керектөө жогорулоодо. Ушул туурасында бала бакчадан тарта айтып, үйрөтүү керек. Ооба, Кыргызстанда суу тартыштыгынан түк кабарсыз, суу жаатында эч нерседен капарсыз аймактар да жок эмес. Бирок эсиңиздерде болсо, борбор калаанын тургундары ушундай көйгөйгө тушукту. Бишкек дайра агымдары менен эмес, жер алдындагы суулар менен жабдылса да, алар жай топтолорун эске түйгөнүбүз дурус. Бул бакчаларды сугара тургандай түпсүз суу сактагыч эмес. Андай максатта арыктардагы сууну колдонгон туура.
© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүОтдых туристов в Краснодарском крае
Отдых туристов в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
— Ата мекендик илим мөңгүлөрдүн абалын, тоого канча кар түшөрүн айта алабы?
— Кыргызстандагы метеорологиялык жана гидрологиялык мониторинг 1970-жылдары катуу өнүккөн. Ал убакта биздин республикада 150 чакты суу өлчөөчү, 70тен ашуун метеостанция иштеп турган. Ошондой эле ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүүсүнө байкоо салган агрометеорологиялык, мындан тышкары, көлдөрдө иш алпарып, алардагы суу деңгээлине көз салган суу-баланс станциялары бар эле. Мөңгүлөргө жакын жайгашып, аларды өлчөп турган гляциологиялык станциялар болгон.
1990-жылдары станциялардын штатын жана аларды тейлөө үчүн каржылоо токтоп калган. Эң оболу бийик тоолордогу станциялар кыскара баштаганы абдан өкүнүчтүү. Азыр алардын саны өтө аз, болбосо дал ошолор бизге эрип, суу бере турган тоодогу кардын топтолушу тууралуу маалыматтарды берип турар эле. Мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын жардамы менен жылыштар болду, станцияларды кайрадан калыбына келтирүү аракети башталды.
Ушул тапта бизде 38 чакты метеорологиялык, 78 суу өлчөөчү станция бар. Көптөгөн автоматтык станциялардын орнотулуп жатканы кубандырат.
— Ал эми адистер жаатындагы жагдай кандай?
— Чындап эле суу өлчөөчү станцияны курууга болот, бирок адис таптап же станция жайгашкан жерде жашап, ченеп турган адамды табыш алда канча кыйын. Автоматтык станциялар мындай кырдаалдан чыгуунун бир жолу болушу мүмкүн, бирок мында да кадимки станцияларды колдонуудан да көбүрөөк адам ресурсун талап кылат экен.
Бүгүнкү күндө гидрология, метеорология тармагында эмгектенген кызматкерлердин илимий дарамети чектелүү. Бул эмнеге байланыштуу? Мисалы, Кыргыз-Россия Славян университетиндеги тийиштүү кафедраны жаап салышты. Эмне үчүн андай болуп калды? Анткени анда окууга бюджеттик орундар каралган эмес, ал эми ушул жаатта акы төлөп келишимдик негизде окугусу келгендер жок. Көпчүлүктүн адистик жөнүндө кабары жок, бул багытта кантип акча табууну билишпейт.
Ошол себептен өлкөдө метеоролог, гидрологдордун таңсыктыгы күч. Ал эми гляциологдорду бизде дегеле даярдашпайт. Жер жөнүндөгү илим багытында билим алган студенттер бар, ошолор кийин метеоролог, гидролог, гляциолог жана башкаларга кандайдыр жол таап кете алышат. Бирок климаттык өзгөрүүлөрдөн өтө көп нерсе көз каранды болгон биздин өлкөдө мындай ыкма таптакыр туура эмес.
— Глобалдык жылууланууга байланыштуу дайым жаман нерселер айтылып келет, анын артыкчылык жактары болушу мүмкүнбү?
— Күн жылый түшөт, демек, жылуулоо сезону кыскараак болот. Айыл чарбасындагы сугат учуру, анан да көчөт отургузуп, айдоо убагы артат. Эмитен эле мындай маал жалпысынан эки аптага узарды, бул аз убакыт эмес. Кыргызстандын түштүгүндө айрым жылдары февралда эле эрте бышкан жашылчалар отургузула баштайт.
Жаңы өсүмдүктөрдү, цитрус жемиштерин, курма жана башкаларды өстүрүү үчүн шарт түзүлөт. Албетте, кышкысын мындай көчөттөрдүн үстүн жаап, жылуулоо керек. Бирок климат өзгөргөндө багытты алмаштырып, пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно билүү дурус. Анткен менен потенциалдуу коркунуч туудурган өзгөрүүлөргө даярдануу маанилүү. Жазында жаан-чачындын көп болушу сел каптап, эрте эгилген эгинди үшүк алып, дыйкандар түшүмүнөн куру калуу коркунучун туудурат. Бирок илимий жетишкендиктер бул кубулуштарга туруштук берүүгө даярданып, алардын кооптулугун болушунча азайтууга мүмкүндүк берет.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, география илимдеринин доктору Мирлан Дылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Радио
Дылдаев: климаттын өзгөрүүсүнөн биринчи тоолуу экосистема жабыркайт
Ысык-Көл жаратылышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Экологияны сактап калууга жасалма интеллект жардамчы боло алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0