Экологияны сактап калууга жасалма интеллект жардамчы боло алат. Маек

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл жаратылышы. Архивдик сүрөт
Ысык-Көл жаратылышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Жазылуу
Азыр экологияны сактоо маселеси глобалдык көйгөйгө айланды. Суу тартыш, таза аба жетишсиз, климат өзгөрүп барат. Аны чечүүдө технологиянын ролу эбегейсиз экенин адистер айтууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде DiGi компаниясынын негиздөөчүсү, эколог Нурлан Шапанов болду. Биз экология жаатында технологиянын мааниси тууралуу маектештик.
© SputnikDiGi компаниясынын негиздөөчүсү, эколог Нурлан Шапанов
Основатель компании DiGi, эколог Нурлан Шапанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
DiGi компаниясынын негиздөөчүсү, эколог Нурлан Шапанов
— Экологиялык, санариптик технологиялар жаатында бир катар иштерди жасап келесиз. Алгач өзүңүздүн ишиңиз менен тааныштырсаңыз?
— Өзүмдүн компаниямды ачканыма 1,5 жыл, ал эми IT тармагында иштеп жатканыма 8 жылдын жүзү болду. Алгач Казакстанда эмгектенип жүргөм. Азыр экология жаатында аспирантурада окуп, БУУнун Кыргызстандагы баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгында эксперт катары иш алып барып келем. Бизде экология маселеси, өзгөчө мөңгүлөрдүн эрип жок болушу чоң көйгөйгө айланып баратат. Мөңгүлөр эриген сайын дүйнөдө абанын температурасы дагы жогорулайт. Экинчиден, бизде жапайы жаныбарларды сактап калуу маселеси чыгууда. Азыр марал жана башка уникалдуу жаныбарларды дрон аркылуу, кайсы жерде жайгашканын же кырсыктаганын биздин компания тарабынан жасалган программалык камсыздоо аркылуу билип бере алабыз. Дүйнөдө экологиялык маселелер абдан көп. Бирок аны санарип технологиялар менен сактап калууга үмүт бар.
— Бүгүн IT тармагындагы адистер да экологдор менен иштешип жатат. Сиздердин компания экологиялык маселелерди чечүүдө кандай иштерди аткарууда?
— Садыр Жапаровдун мөңгү маселесин жана климаттын өзгөрүшүнө, тоолорго, экосистемага байланышкан бир катар көйгөйлөрдү эл аралык уюмдардын жыйынында көтөрүп жүргөнү өтө орундуу. "Жашыл экономика" программасы аркылуу дүйнөдө Кыргызстандын баркы көтөрүлөт, өзүбүздүн жаратылышка, туризмге да чоң пайдасы тиет. Экологиялык көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн бийликтин жасап жаткан аракетин баалайм. Биз санариптештирүү менен гана экономикабызды өнүктүрүп, экологияны сактай алабыз. Жаңы технологиялар буга өзөк болот. IT технология жана жасалма интеллект экологияга абдан жакшы жардам бере алат. Мисалы, кайсы жерге суу жетпей жатканын, кандай пайдалуу заттар керек экендигин адамдар так эсептеп бере албайт. Аны жасалма интеллект тактап бериши мүмкүн. Биздин компания ушундай иштерге багыт алган.
Санариптик технологиялар менен экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттенебиз. Келечекте мекенибизге жакшы жыйынтыктарды алып келерибизге ишенем. Азыр дүйнө Жер энени сактап калууга аракет жасоодо. Жакында эле биздин компания Кыргыз фондулук биржасы менен көмүртек кредиттеринин рыногун өнүктүрүү боюнча келишим түздү. Көмүртек кредити мындай иштейт: ири компанияларга жаратылышка келтирген зыянынын көлөмү боюнча лимит коюлат, эгер ал лимиттен ашса сертификат алышы керек болот. Мисалы, мунай иштетүүчү компаниялардын зыяндуу газдарды атмосферага белгилүү бир ченемде чыгарууга квотасы бар. Эгер ал квотадан ашып кетсе, чоң салыктарды төлөшөт же башка өлкөлөрдөн көмүртек кредиттерин сатып алышат. Азыр таза аба сатып алуу түшүнүгү пайда болду. Мындай ири компаниялар ага кызыкдар. Мисалы, биздеги Арсланбап өңдүү токойдон бөлүнүп чыккан таза абаны сатуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок көмүртек кредиттерин сатуу үчүн алгач баарын эсептеп чыгуу керек. Кыргыз фондулук биржа менен түзүлгөн келишимдин маанилүүлүгү мына ушунда. Бул биздин өлкөгө чоң акча табууга өбөлгө болот.
Ысык-Көл облусундагы тоолордогу кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Пресс-борбор
Министрлик: Кыргызстандагы мөңгүлөр айтылгандан эртерээк эрип кетиши мүмкүн
— Жакында эле Японияга бардыңыз. IT технологияга байланышкан кандай долбоорлор бар экен, эмнелер талкууланды?
— Ал жакта IT тармагында иш алып барган компаниялардын жарманкеси, EXPO болуп өттү. Негизи Япониянын Экономика министрлиги иштешүүнү каалаган жеке компанияларды чакырган. Алардын программаларын алып, кызматташтыруу иштерин ассоциациялар жасайт экен. Жер титирөөнү алдын ала билүү боюнча программалык камсыздоону көргөзүү үчүн бардык. Башка атаандаштарга караганда биздин программалык камсыздоо жер титирөөнү 10-15 секундага эрте билип, маалымат бере алат. Айырмасы аз болгону менен ушул убакыт дагы жер титирөө учурунда газ, электр кубаттуулугун эрте өчүрүп, өлүмдү азайтууга жардам берет. Албетте, Япония технология жагынан өнүккөн мамлекет, биз аларга жаңы нерселерди үйрөтө албайбыз. Бирок бардык эле мамлекеттер болушунча көбүрөөк маалымат алууну көздөйт. Бизде да алардан маалымат алып, мындан ары бирге иштешип кетүү максаты болду. Алар биздин программаларыбызды көрүп чыгып кызыгып, иштешүү ниетин билдирди. Андан тышкары, 50дөн ашык компания менен меморандумдарды түздүк. Кыргызстандан башка дагы беш компания барды.
— Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу өлкө. Тектоникалык эки чоң плитанын ортосунда жайгашканыбызды эске алганда, ири жер титирөөлөр болуп кетүү ыктымалдыгы айтылат. Жер титирөөнү алдын ала аныктоого кандай долбоорлор жасалууда?
— Жер титирөөнү алдын ала билип, так күнүн, саатын эч ким атай албайт. Бирок өкмөт Илимдер академиясын каржылык жактан колдоп, муну изилдөөгө жардам бериши керек. Катуу жер титирөө болушу мүмкүн, бирок Япониядагыдай, Түркиядагыдай ири зилзала болбойт деген ойдомун. Негизинен Кыргызстанда ушундай долбоорлордун үстүндө иштеп, форумдарды өткөрүү зарыл.
© AFP / CHRISTIAN MIRANDAЖер изилдөө борбору. Иллюстративдик сүрөт
Сейсмологический центр университета Чили - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Жер изилдөө борбору. Иллюстративдик сүрөт. Архивдик сүрөт
— Жасалма интеллект, санариптештирүү жаатында жаныбарларды коргоо үчүн кандай иштер жасалат?
— Жаныбарлар табигый жол менен көбөйүшү керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган бардык мекемелер менен тоо жаныбарларын кырсыктан коргоо жаатында иштешип жатабыз. Атайын тепловизор менен жабдылган программалык камсыздоосу бар дронду колдонууга бардык мамлекеттик мекемелер кызыгууда. Мисалы, кадимки дрон менен керек учурда жарадар жаныбарларды көрө албай калышыбыз мүмкүн. Ал эми атайын программа менен жабдылган жасалма интеллекттин арты менен дронго тартылган бардык фото, видеолор жаныбарлардын жайгашкан жерин, өлүп калганын же кырсыктаганын аныктап, көрсөтүп бере алат.
— Учурда Айыл чарба министрлиги жайлоолор деградация болуп жатканын билдирди. Сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жоголуп, жапайы жаныбарлар дагы өйдөлөп кетүүдө деген маселени айтышууда...
— "Малды азайтуу керек, баарын тебелеп-тепсеп жатат" деген сөзгө кошулбайм. Жайытты туура эмес колдонуп жатканыбыз экинчи маселе. Жайлоолорду туура пайдаланууга өкмөттүн программасы керек. Азыр өлкөдө пайдасы жок, зыяндуу өсүмдүктөр барган сайын көбөйүп бара жатат. Жайыттарды ушундай чөптөр басып баратканын көрүүгө болот. Алгач муну жоготуу керек. Ал эми бош жерлерге дагы да бак тигип, абаны тазартуу зарыл. Мунун өзү таза абаны камсыз кылууга өбөлгө. Негизи өлкөдө сапаттуу иш алып барган адистер жетишсиз. Бизде техника, экология илимдеринин докторлору, эң күчтүү IT адистери, программа иштеп чыгуучулар бар. Буларды башка мамлекеттен алып келип, өзүбүздүн балдарыбызды окутуп, үйрөтүп жатабыз. Кыргызстанда таланттуу, келечегинен көптү үмүттөндүргөн балдар абдан көп. Болгону окутуу зарыл. Учурда экологияны сактап калуу үчүн бизге чоң каржы керек болууда. Бийлик да буга көп аракет жасап жатат.
Биотехнологиялар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Кыргызстан биотехнологияны фармацевтикада колдонуп чоң киреше таба алмак. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0