https://sputnik.kg/20250313/1092624866.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюлушун Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму... 13.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-13T19:00+0600
2025-03-13T19:00+0600
2025-03-13T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0d/1092624734_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_84b277aae2daeb757c215f94bace2279.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюлушун Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму кубаттады. Эл аралык эки уюм билдирүүлөрүн жарыялады. "Келишим — тараптардын маселелерди тынчтык, тең укуктуу, өз ара түшүнүшүү жана урматтоо принцибинде чечүүгө болгон жакшы ниеттин жүзөгө ашуусу болду", — деп жазылган ШКУнун билдирүүсүндө. Ал эми ЖККУнун катчылыгы аталган келишим коопсуздукту камсыздоону жакшыртарын белгилеген. "Чек ара маселелерин чечүү ар кандай багытта аймактык кызматташтыкты жакшыртууга көмөктөшөрү шексиз. Эки тууган элге экономикалык жактан өнүгүүнү каалайбыз", — деди катчылык.
ЕАЭБде эл аралык электрондук транспорттук коштомо кагаз колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. Жумушчу топко ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн транспорт, санариптештирүү, салык жана бажы тармактарындагы ыйгарым укуктуу органдарынан өкүлдөр, ошондой эле бизнес-коомчулук, окумуштуулар жана бирикмелер кирет. ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев эксперттик аянтчанын жетекчиси болуп дайындалды. Долбоордун максаты — мүчө мамлекеттердин субъектилеринин ортосунда санариптик кол тамга жана "ишенимдүү үчүнчү тарап" механизмдерин колдонуу менен электрондук документтерди алмашуу технологиясын иштеп чыгуу.
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы соодагерлерге жумуш орундарын сунуштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мэрдин орун басары Рамиз Алиев "Ош" базарындагы чарбалык субъектилердин ээлери менен жолугушкан. "Жыйында башаламан соода кылгандарга базардын ичинен же муниципалдык чарбалардан иш сунуштоо милдети коюлду. Учурда "Ош" базарында жашылча-жемиш саткандар үчүн 72 орун, сүт азыктарын саткандар үчүн жети орун бош турат. Мындан тышкары, шаардык кызматтарда 1500гө жакын жумуш орду бар", — деп айтылат маалыматта.
Москва убактылуу элдешип турууга эмес, Украинадагы жаңжалдын биротоло чечилишине кызыкдар. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды. Ал АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц менен байланышта экенин билдирип, Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясын түшүндүргөнүн айтты. Ал тынчтыкка карай кадам таштагандай түр көрсөтүп коюу эч кимге керек эмес экенин белгиледи. "Сунушталган убактылуу жарашуу — украин аскерлеринин эс алып алуусу үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк сыяктуу болуп калууда", — деди Ушаков. Ошондой эле Владимир Путин бейшемби күнү бул сунуш боюнча так жана кененирээк айтышы мүмкүн экенин кошумчалады. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 95 сом 50 тыйынга рубль 1 сом 20 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 14-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 14-март, жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын өрөөнүндө +5...+10 градус болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарында +18…+20 градусту көрсөтөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюлушун Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму кубаттады. Эл аралык эки уюм билдирүүлөрүн жарыялады. "Келишим — тараптардын маселелерди тынчтык, тең укуктуу, өз ара түшүнүшүү жана урматтоо принцибинде чечүүгө болгон жакшы ниеттин жүзөгө ашуусу болду", — деп жазылган ШКУнун билдирүүсүндө. Ал эми ЖККУнун катчылыгы аталган келишим коопсуздукту камсыздоону жакшыртарын белгилеген. "Чек ара маселелерин чечүү ар кандай багытта аймактык кызматташтыкты жакшыртууга көмөктөшөрү шексиз. Эки тууган элге экономикалык жактан өнүгүүнү каалайбыз", — деди катчылык. ЕАЭБде эл аралык электрондук транспорттук коштомо кагаз колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. Жумушчу топко ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн транспорт, санариптештирүү, салык жана бажы тармактарындагы ыйгарым укуктуу органдарынан өкүлдөр, ошондой эле бизнес-коомчулук, окумуштуулар жана бирикмелер кирет. ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев эксперттик аянтчанын жетекчиси болуп дайындалды. Долбоордун максаты — мүчө мамлекеттердин субъектилеринин ортосунда санариптик кол тамга жана "ишенимдүү үчүнчү тарап" механизмдерин колдонуу менен электрондук документтерди алмашуу технологиясын иштеп чыгуу. Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы соодагерлерге жумуш орундарын сунуштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мэрдин орун басары Рамиз Алиев "Ош" базарындагы чарбалык субъектилердин ээлери менен жолугушкан. "Жыйында башаламан соода кылгандарга базардын ичинен же муниципалдык чарбалардан иш сунуштоо милдети коюлду. Учурда "Ош" базарында жашылча-жемиш саткандар үчүн 72 орун, сүт азыктарын саткандар үчүн жети орун бош турат. Мындан тышкары, шаардык кызматтарда 1500гө жакын жумуш орду бар", — деп айтылат маалыматта. Москва убактылуу элдешип турууга эмес, Украинадагы жаңжалдын биротоло чечилишине кызыкдар. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды. Ал АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц менен байланышта экенин билдирип, Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясын түшүндүргөнүн айтты. Ал тынчтыкка карай кадам таштагандай түр көрсөтүп коюу эч кимге керек эмес экенин белгиледи. "Сунушталган убактылуу жарашуу — украин аскерлеринин эс алып алуусу үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк сыяктуу болуп калууда", — деди Ушаков. Ошондой эле Владимир Путин бейшемби күнү бул сунуш боюнча так жана кененирээк айтышы мүмкүн экенин кошумчалады. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 95 сом 50 тыйынга рубль 1 сом 20 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 14-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 14-март, жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын өрөөнүндө +5...+10 градус болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарында +18…+20 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0d/1092624734_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_158bbd267c41d69f0d0821499c8c92c0.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио