Борбор Азияда советтик өтмүштү жокко чыгарууга ким кызыкдар? Ой толгоо

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
Борбор Азия мамлекеттерине жасалган маалыматтык чабуулдун өзөгүндө СССРдин азабын тарткан элдин образын калыптандыруу аракети жатат. Чындык болуп көрбөгөндөй бурмаланып, тарыхты жасалмалоонун мындай схемасы биздин эле региондо колдонулган жок дейт колумнист.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн интернет мейкиндиги ушу тапта "улуу тарыхый ачылыштардын" кызык маалын башынан кечирүүдө, соцтармакта пайда болгон маалымат кызыл чеке талаш жаратып, ал университет, маморган, коомдук транспортко чейин талкууланып, калктын аң-сезимине сиңип келет. Маалыматтык таасир этүүнүн механизми ушундай, ал учурда сырттан көзөмөлдөнүп, Батыштын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Бул региондогу өлкөлөрдүн келечегине да кедергисин тийгизиши толук мүмкүн.
Чындыкты бурмалоо үчүн Батыш дайым тарыхый, саясий, социалдык-экономикалык окуялардан өз алдынча чыгарган тыянагын колдонуп келет. Бир макалада мунун баарын камтууга мүмкүн болбогондуктан бир нече материал даярдап, Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхын фальсификациялоо аракеттерин ирети менен карап чыгууга аракет кылмакчымын. Бул жолкусунда Борбор Азия элдеринин совет доорундагы тарыхын бурмалоо аракетине токтолууну эп көрдүм. Биз аларды билип, чындыктын чыркырап жок болуп кетүүсүнө жол бербешибиз керек.
Советтик өтмүштү калк башына түшкөн каран түн сымал сыпаттап сиңирүү жаатында азыр блогерлердин бүтүндөй армиясы иштеп жатат. Айрым бир адамдардын, болбосо элдин же бүтүндөй республиканын "көргөн кордугу" чагылдырылган ролик, текст, посттор социалдык тармакта жайнайт. Мындай кесепеттүү маалыматтык продуктунун башкы пайдалануучусу болгон жаштар аны фастфуд сымал тандабай жеп жатат. Коммунисттик идеология улуттарды сабатсыздыкка жетелеп, тарыхынан, маданиятынан, керек болсо аталышынан ажыраткан деп, жалпы тарыхый өтмүшүбүз ушинтип бурмаланып, көз алдыбызда өзгөрүп башкача өңүт алууда.

Максат — Россияны кыйратуу

Бул жерде тарыхты бурмалоо кимге керек деген кадыресе суроо туулат. Борбор Азия мамлекеттери учурда көз карандысыз, тарыхый жана башка маселелерге келгенде расмий позициясын өзү тандайт эмеспи. Көрсө, себеби жөнөкөй эле экен, дүйнөлүк гегемония күч-кубаттуу Россия барда эч качан ишке ашпайт. Анан, албетте, Батыш аны кыйратууну кыялданат, бул үчүн көп нерсе жасоо кажет. Ал эми тарыхый контексттен алып караганда эки орчунудуу маселе бар. Биринчиси — БАнын Россия менен кызматташып интеграцияланышы Батыштын куйкасын куруштурууда, демек, советтик доордун негативдүү образын түзүү керек. Мындай жагдай өлкөлөрдүн Россия менен азыркы мамилесине доо кетирет. Экинчиси — көп улуттуу СССР кыйрагандан кийин Батыш үчүн Россия Федерациясын дезинтеграциялоо өтө зарыл эле. Азыр жаңыдан пайда боло калган "эксперттер" менен популярдуу блогерлер аркылуу БА өлкөлөрүнүн интернет айдыңында Россияга таасир этүүнүн жаңы ыкмалары менен инструменттери сыноодон өтүп жатат. Өлкө СССРдин тагдырын кайталаса деген куру үмүт...
Россия менен Бробор Азия элдеринин тарыхый жалпылыгы — ушул региондо кандайдыр бир таасирге ээ болууну каалагандар үчүн чоң тоскоолдук. Бул жалпылыкты дароо жок кыла салууга мүмкүн эмес, бирок маалымат айдыңын бурмаланган фактыларга толтуруу менен акырындап аны акыл-эстен сүрүп чыгарууга болот. Жалган алгач чындык менен бир топко чейин атаандашып отуруп, акыры жеңет. Кыргызстан ушу тапта бурмаланган тарых методологиясы активдүү колдонулган мамлекеттердин бири болуп турат. Андан күчтүүсү жазуу менен тилге байланыштуу. "Интернет эксперттеринин" айтымында караганда, биздин тайкы тагдырыбыздын башатында жазуубуз турат имиш.
Европа Биримдигинин жана Америка Кошмо Штаттарынын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Украиналык ыкма. Батыш Борбор Азияга кантип жик салууда

Уурдалган тарых

Өлкөдөгү белгилүү блогерлер биринен бири өтүп "кыргыздардын жазуусу болгон (Орхон-Енисей жазма эстеликтери), бирок аны кыргыздыкы деп айтууга мүмкүнкүнчүлүк жок эле, кандуу совет бийлигине улуу кыргыз цивилизациясын таануу пайда алып келмек эмес" деп келишет. Бул логикага таянсак, эгер совет бийлиги кыргыз жазмасы менен цивилизациясынын болгонун тааныса Кыргызстандын тагдыры бүгүн башкача болмок. Мунун баары ошол кездеги же азыркы маселелерди кантип чечет эле?
Менимче, ар кыл "эксперттердин" Енисей жазмалары кыргыз жазуусунун башталышы деген пикири талаш жаратып келет. Себеби Орхон-Енисей жазмасын Борбор Азиядан тарта Түштүк Сибирь жана Монголияга чейинки аймакты байырлаган огуздар, уйгур, хазарлар жана печенегдер да кеңири пайдаланышкан. Бул жазуу андан кийин пайда болгон алфавит менен жазмалардай эле V-X кылымдарда биротоло унутулган.
Мындан тышкары, интернетте кыргыз жазуусунун араб тамгасынан латиницага, андан кийин кириллицага өтүшү менен кыргыз эли катуу кыйналган деген дагы пикир жаралып, кызуу талкууда. Блогерлер мындай абал кыргыздарды араб-мусулман, андан соң түрк цивилизацияларынан алыстаткан деген ойду айтып, совет бийлиги Түркия менен Кавказдан Орто Азияга чейинки бирдиктүү түрк тилинин калыптанышына жол берген эмес дешет.
Чын-чынына келгенде Борбор Азия регионунда кириллицанын базасында түрк тилдеринин билим берүү, илим жана маданияты менен коштолгон өзүнчө система пайда болгон. Ал эми калкынын 99 пайызы сабатсыз келген Кыргызстан үчүн бул эне тилинин өнүгүү мезгили эле. Тышкы таасирге келсек, дүйнөдө бар да мамлекет тил, жазуу жана адабият аркылуу өзүнө басым жасалышына жол бербейт, өзгөчө өлкөнүн өзүнүн жана элинин коопсуздугуна кедергиси тие турган болсо кайсы гана мамлекет болбосун тикесинен тик туруп берет. Ал эми жаш совет өлкөсүнө каршылар ал кезде ого эле көп болчу.
Бүгүнкү күндүн блогерлери совет бийлигинин алгачкы жылдары Кыргызстандагы мектептер татар жана казак тилинде (түндүк аймакта), татар жана өзбек тилинде (түштүктө) окутуп келгенин биле бербесе керек. Кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китептери 1923-жылы гана пайда болуп, ошондон кийин кыргыз тили мектепте жана расмий колдонула баштаган. Ага чейин кыргыз тили жазмасыз болчу. Академик Константин Юдахиндин "сабаттуу кыргыздар кыргыз тилине көп коошо бербеген араб алфавитин колдонуп, чагатай (байыркы өзбек тили) тилин туурап жазчу" деп айтканы бар.
Ушул мисалда чыныгы тарыхын, жазмасын жоготуп кордолгон, совет бийлиги таңуулаган система менен өнүккөн элдин образы түзүлгөн логиканы көрүүгө болот. Бул жасалмалуулук схемасы Борбор Азиядан башка региондордо да колдонулушу толук ыктымал.

Жасалма күрөш

Ушу тапта БАнын маалымат айдыңын карап отуруп, тааныш сценарийге күбө болуп жаткандай сезесиң өзүңдү. СССР кыйраар алдында жана эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары маалымат талаасында ушундай эле активдүүлүк болгон. Каякты караба, "эркиндикти жактоочулар, коргоочулар" болуп кеткен. Бүгүнкү күндө деле көп, азыркылардын багыты, иш-аракети деле көп өзөргөн жок, максаты бир — тарыхтагы жакшы учурларды, доорлорду унуттуруп, бүтүн нерсени бүлүндүрүү. Соцтармактагы мындай акылга көп сыя бербеген "тарыхый активдүүлүктү" Батыштын СССРди кыйраткандай эле көп улуттуу Россияны да дезинтеграциялоого багыт алганы менен түшүндүрүүгө болот.
Болжол менен 1,5 жыл мурун социалдык тармактарда "деколонизация" темасы көтөрүлүп, Казакстандын, андан кийин Кыргызстандын блогерлери жапа тырмак колдоп-коштоп кеткен эле. Алар Украинадагы атайын операция Россияга каршы күрөшүнүн "жеке тажрыйбасын" ачык талкуулоого жол ачканын жар салышкан. Бул блогерлердин айтымында, күрөш тарыхты, адабият, илим, музыка, айтор, Россия жана СССР менен байланышкан нерсенин баарын камтыйт. Алар көзөмөлдөгөн ЖМКлар муну өтө "талуу" маселеге айлантып, табышмактатып, БА мамлекеттери Россиянын таасирине биротоло чекит койчу процессти баштагандай элес калтырууга аракет кылышты. Анткен менен тема коомчулукта анча актуалдуу боло алган жок, буга балким БА өлкөлөрүнүн баары эчактан бери эле көз карандысыз экени да себеп болгондур.
Бүгүнкү күндө Россиянын түпкү элдерине, "Россиянын колониализминен кутулууну каалагандарга" Борбор Азия "деколонизациялык тажрыйбаны" жайылтуу үчүн маалыматтык платформа катары пайдаланылып жатканы түшүнүктүү. Ушул темага арналган сюжеттердин баарында якуттар, тувалыктар, буряттар же башкырлар сыяктуу Россия элдеринин өкүлдөрү көрсөтүлгөнү бекеринен эмес. Батыш СССРдин дезинтеграцияланган сценарийин Россиянын аймагында кайталоого ынтызар. Бул пландын келечеги күмөндүү, азыр мезгил да башка, горбачевдор менен ельциндер да азыр жок.

Багыт кайда

Борбор Азия менен Россия — бул байланышы бекем, тагдыры бир евразиялык мейкиндик. Батыш муну жакшы түшүнөт. Украинада жолу болбой калгандан кийин жамааттык Батыш Россияга каршы иштөө үчүн аталган аймактан кенедей болсо да жылчык издөөдө. Жеңилүүсүн мойнуна алат деп ойлоо кечиргис ката болот. Андыктан жаңы чакырыктарга, өзгөчө маалыматтык чабуулга даяр туруп, туруштук берүүнү үйрөнүү керек. Батыштын бул аракеттеринин баарынын артында БА жана Россия элдерин колонизациялоо, ресурсун талап-тоноо максаты гана турат.
Кийинки макалада Батыштын саясий технологдору ыйык нерсени да козгогон "Борбор Азия тарыхы тууралуу азыркы мифтерди" кантип ойлоп табары тууралуу айтып берем.
Европа биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррель. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Боррель Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолукту. Европа бизге керекпи?
Жаңылыктар түрмөгү
0