Ата Журтту коргоо — бийик милдет! Садыр Жапаров мекен коргоочуларын куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Жазылуу
Президент ааламдашуу доорундагы ар кандай аңдоосуз чакырыктар менен коркунучтарга даяр болуу керектигин кошумчалаган.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы мекенчил сезимин көкүрөгүнө уюткан ар бир жаран үчүн Ата Журтун коргоо ыйык да, бийик да милдет, ары сыймыктуу кызмат экенин белгилеген.
"Тарыхта калган Улуу Ата Мекендик согушта, Афганстанда, Баткенде жана башка кан күйгөн майдандарда аскердик милдеттерин аткарып, Мекен коргогон улуу муун өкүлдөрүнүн эрдиктери менен каармандыктары элибиздин жүрөгүндө астейдил сакталып турат. Алардын эл-жери үчүн кан төгүп, жан берген эрдиктерин мектеп окуучуларынан тарта баарыбыз эскерип турушубуз абзел дагы, парз дагы! Ата Журт үчүн тикесинен тик турган, мамлекеттин башына мүшкүл түшкөн учурда Мекен чегине чеп болуп коргоп келген ата-бабаларга таазим этилет. Элибиз өз коргоочуларынын баатырдык эрдиктерин таазим этүү менен эскерип, Мекен үчүн жанын бергендердин жаркын элесин эч качан унутпайт", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Садыр Жапаров Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп, армиянын күжүрмөн даярдыгы арта баштаганын белгилеп, азыркы ааламдашуу доорундагы ар кандай аңдоосуз чакырыктар менен коркунучтарга даяр болуу керектигин кошумчалаган.
"Мекен жүгүн бир гана эр-азаматтарыбыз эмес, кыз-келиндерибиз да кошо тартышып келет. Аскерде кызмат кылып, армиянын жашоосуна баш-оту менен кирип, бардык кыйынчылыктарын кабагым-кашым дебей берген антын бекем туткан аялзатынын өкүлдөрү арбын. Ошондуктан жалпы мекен коргоочуларын бүгүнкү майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Баарыңыздарга мекенибизге кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Ылайым Ала-Тоону жердеген, ар-намысын бербеген, ата салтын, баба наркын барктаган, өз мекенин сактаган мекенчил уул-кыздарыбыз арбын болсун. Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн", — деген мамлекет башчы.
Ала-Тоо аянтындабара жаткан аскердик техникасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Төрага Шакиев: Кыргызстандын армиясы күчтүү 100 мамлекеттин катарына кирди
Жаңылыктар түрмөгү
0