Казандагы "Келечек оюндарынын" бүйүр кызыткан оюн-зоогу сүрөттө
Жазылуу
21-февралда Казанда (Россия) "Келечек оюндары" башталды. Бул — спорт, киберспорт, илим жана жогорку технология айкалышкан ири мелдеш. Ага ар кыл өлкөдөн келген 260 команда катышууда. Ачылыш салтанаттын сүрөттөрү биздин түрмөктө.

Казанда өтүп жаткан "Келечек оюндарынын" ачылыш аземи

Турнир өтө турган аймакты кыдырып жүргөн президенттер

Кытайды тааныштыруу учуру

Мелдешке 260 команда жана 2 000 спортчу катышмакчы

Спорттук иш-чара 21 дисциплина боюнча өтөт

"Келечек оюндары" — спорт, киберспорт, илим жана жогорку технология айкалышкан ири мелдеш

Кыргызстандын өкүлдөрү фиджитал-жарыш, Dota 2 жана спорттук программалоо боюнча күч сынашат

Россия желегинин түсүн "кийген" бийкеч

Стадиондогу атайын шоу

Салтанаттын башталышы алдындагы косплеерлер

Ар кыл командалардын өкүлдөрү сүрөткө түшүп жатышат
Тема боюнча: