Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Столтенберг: НАТОдо курал-жарактын жетишсиздик көйгөйү бар

© AP Photo / Olivier MatthysНАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Архив
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Жазылуу
Альянстын баш катчысы ок-дары өндүрүүнү көбөйтүүгө көңүл буруу зарыл деп эсептейт.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. НАТО ок-дарынын жетишсиздик көйгөйүн баштан кечирүүдө. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында айтканын РИА Новости жазды.
"Украинадагы согуш бизде олуттуу көйгөйлөр бар экенин көрсөттү. Мисалы, курал-жаракка тиешелүү маселелер... Биздин система заманбап болгону менен кошумча деталдар, тейлөө жана ок-дары керек. Согуштун башталышында запасты азайтып алганбыз, азыркы тапта курал-жарак тартыш. Эми ок-дарынын өндүрүшүн көбөйтүүгө күч жумшоо кажет", — деген Столтенберг.
Өткөн жылдын ноябрь айынын башында европалык жогорку кызматтагы булак ЕБ өлкөлөрү Украинага убадаланган миллион артиллериялык ок-дарынын 300 миңин беришкенин билдирген. Германиянын коргоо министри Борис Писториус Евробиримдик Киевге 2024-жылдын мартына чейин убадалаган миллион снарядды бере албай турганын моюндаган. Курал-жарактардын жетишсиздигин Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы январда Давосто сүйлөгөн сөзүндө билдирген. Анын айтымында, Украинада Россиянын армиясы менен кармашууга туруштук берүүгө жетиштүү аскердик-өнөр жай ресурстарынын комплекси жок.
"Ростех" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Сергей Чемезов Батыштын аскердик тармактагы "технологиялык артыкчылыктарын" жомок деп сыпаттаган. Ал батыштык конструкторлор кайсы бир жаатта күчтүү экенин, бирок Leopard, Challenger, Bradley жана башка дат баскан техникалары – россиялыктардын мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин тастыктап турарын билдирген. Чемезов ата мекендик конструкторлор трофей үлгүлөрүнөн айрым чечимдерди көңүлгө алып жатканын кошумчалады.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Нижний Тагилдеги Уралвагонзавод илимий-өндүрүштүк корпорациясына иш сапары менен барганда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Financial Times: РФтин аскер өнөр жайынын өсүү темпи НАТОнун тынчын алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0