19-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Владислав НогайКишилер баллон менен тоодон түшүп жатышат. Архив
Кишилер баллон менен тоодон түшүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Жазылуу
19-февралга караган түнү көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерге туман түшөт.
БИШКЕК, 18-Фев. — Sputnik. 19-февраль, дүйшөмбүдө, кээ бир аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу өрөөндөрдө кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -3...-8, Талас жергесинде -5...-10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2...+3, Ысык-Көл өрөөнүндө -3...+2, Нарында -10...-15 градуска жетет.
Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, Бишкекте -4...-6 градус суук болсо, Ошто 0...+2 градуска чейин жылуу болот.
Кыш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Суук дагы канча кармалат? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0