Кыргыз-өзбек чек арасында унаа өтүүчү дагы бир пост салынууда. Эскиз

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБажы постунда жүк ташуучу унаа. Архив
Бажы постунда жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жазылуу
Аталган пост көп жылдан бери жабык турган.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасында унаа өтүүчү дагы бир пост курулууда. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Телеграм каналы жазды.
Кеп Ноокен районунун Кызыл-Туу айылындагы "Кең-Сай" пункту тууралуу болууда. Өзбек тараптан Наманган облусунун Үч-Коргон районунда жайгашкан.
Маалым болгондой, аталган пост көп жылдан бери жабык турган.
"Бекет быйыл толук реконструкцияланып, жыл соңуна чейин ачуу пландалууда", — деп жазылат кабарда.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддын Сузак районунда эл менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2024
Ташиев: улут аралык ынтымакты бузам дегендер катуу жазаланат!
Жаңылыктар түрмөгү
0