00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Отдельный разведывательно-штурмовой отряд Клуни в Курской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киевди альянска киргизүүдөн АКШ менен Германия кетенчиктөөдө. Себеби

© AP Photo / Olivier MatthysНАТОнун Брюсселдеги штаб-батиринде Украинанын жана НАТОнун желектери. Архив
НАТОнун Брюсселдеги штаб-батиринде Украинанын жана НАТОнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жазылуу
Украинанын башкы донорлору атайын операция уланып жатканда Киевди НАТОго кабыл алуу процессин баштоо ашыккан кадам деп эсептешкен.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШ жана Германия Киев менен бир катар өлкөлөрдүн каалоосуна карабай Украинаны НАТОго киргизүү процессин баштоону токтото турат. Бул туурасында РИА Новости Foreign Policy журналына шилтеме кылып жазды.
Басылма бир катар өлкөлөр — Чыгыш Европа мамлекеттери экенин белгиледи.
"Украина жана анын өтө берилген тарапташтары НАТОнун Киевди аскердик альянстын мүчө болушуна ири саммитте расмий чакыруу жасоого түртүп жатышат. Анткен менен мындай аракет АКШ, Германиянын көшөгө артындагы олуттуу каршылыгына тушукту", — деп жазылган макалада.
Басылманын маалымдашынча, Польша жана Балтика боюндагы мамлекеттер НАТО Украинаны кошуп алып кеңейишин жана "Россиянын Чыгыш Европада дымагын түшүргөн" ыкманы көрүп жатат. Бирок альянстын Батыштагы бир катар өкүлдөрү, өзгөчө Вашингтон, Берлин Украинадагы согуш уланып жатканда Киевди кабыл алуу процессин баштоо ашыккан кадам деп эсептешкен.
"АКШ менен Германия — Украинага берилип жаткан аскердик, экономикалык жардамдын башкы донорлору. Эки мамлекеттин расмий өкүлдөрү Киев акыры НАТОго кириши керектигин, бирок мүчөлүк азыр болбой турганын айтууда", — деп жазган журнал.
Маалымат булагынын билдиришинче, эки өлкө тең НАТОго киргизип алуунун ордуна Украинага курал жана ок-дары жөнөтүүгө белсенип турат. Аргументтердин бири катары Киев альянска кошулгандан кийин Россия менен НАТО кагышып, өзөктүк согуш чыгып кетүү кооптуулугу турганы айтылды. Ал эми процесстин тезирээк болушун каалагандар куралды азыркыдай байма-бай берип турбай "узак убакытка үнөмдөө" болорун айтышкан. Муну менен катар эле 2024-жылдын ноябрында өтө турган президенттик шайлоодо Дональд Трамптын жеңип кетүү ыктымалдыгы өсүүдө. Тагыраагы, эгерде ал Ак үйгө кайтып келсе, анда Украинаны НАТОго киргизүүгө башын оорутпайт, бул маселе кеминде төрт жылга ары жылат.
НАТОнун июнда Вашингтондо өтчү саммитинин алдында, январда, америкалык жана европалык парламентарийлер Мамлекеттик департаментте сүйлөшкөн.
"АКШ дипломаттары европалыктарды Киевдин НАТОго мүчөлүгүн ички карама-каршылыктарды ачыкка чыгарат жана Россия кыска мөөнөттө Украинадагы аскердик аракеттерин күчөтөт деген сактануудан улам саммиттин күн тартибиндеги маселеге айлантпоого чакырышты", — деп жазылган журналда.
2022-жылдын сентябрында Зеленский Украина НАТОго тез арада кирүү үчүн арыз берерин билдирген. Анткен менен НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин атайын операция учурунда Украинанын альянска толугу менен мүчө болушу мүмкүн эместигин айткан жайы бар.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Кремль Зеленскийдин НАТОго кирүү өтүнүчү туурасында кабардар экендигин жана ага ар кыл реакцияларды уккандыгын билдирген. Аны айтымында, Москва кырдаалга көз салып турат, Киевдин аскердик альянска умтулганы Россиянын Украианадагы атайын операциясын баштоого себеп болгон. Президент Владимир Путин 2022-жылдын июнь айында Украинанын Евробиримдикке мүчө болуу ыктымалдыгы жөнүндө кеп кылып жатып, Россиянын буга каршылыгы жоктугун, себеби ал аскердик блок эместигин белгилеген.
НАТО өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Трамп: Американын башына иш түшсө НАТО өлкөлөрү жардам берерине ишенбейм
Жаңылыктар түрмөгү
0