60 миңге жакын мугалим окутулат. Квалификацияны жогорулатуу тууралуу маек

© Sputnik / Александр КряжевМектепте сабак өтүп жаткан мугалим. Архивдик сүрөт
Мектепте сабак өтүп жаткан мугалим. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Жазылуу
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу — билим берүү системасында абдан маанилүү багыттардын бири. Бул тармак да учурда реформага муктаж.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов конокто болду.
© Sputnik / Асылбек БактыбековБилим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов
Директор Республиканского института квалификации и переподготовки педагогических работников Министерства образования и науки КР Алмазбек Токтомаметов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов
— Көп жылдардан бери мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу тармагын реформалоо маселеси айтылып келет. Бул тууралуу эмне дейсиз?
— Мурда мамлекет кен байлыгы, жаратылыш ресурсу менен өнүксө, акыркы кезде адам ресурсу менен өнүгө баштады. Ага биздин маданият, билим кирет. Баланын, келечектеги адистин компетенттүүлүгү, турмушка даярдыгы мугалим аркылуу ишке ашат.
Кыргызстанда педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту бар. Ал эми ар бир облуста педагогикалык институт же алардын борборлору ачылган. 2018-жылы беш миң кишини курстан өткөрсөк, азыр 20 миңге жетип калды. Мыйзамга ылайык, ар бир мугалим беш жылда бир курстан өтүп турушу керек. Азыр 89 миңге жакын мугалим бар. Бирок беш жылда бир курстан өтөт дегендин өзү да бүгүнкү заманга ылайык келбейт, себеби бул аралыкта заман бир топ өзгөрүп кетет. Мугалим дайыма өзүн-өзү өнүктүрүп турушу керек. 2025-жылы окуучулар PISA эл аралык билимди баалоо программасына катышат. Буга чейин эки жыл катар менен катышып, экөөндө тең эң акыркы орунду ээлеп калганбыз. Бул да болсо мугалимден көз каранды.
Дүйнөлүк банктын колдоосу менен быйыл түрдүү форматта 58 800 киши окутулат. Учурда мугалимдерди окутуу күрдөөлдүү жүрүүдө. Кыргызстанда билим берүүнүн маанисин түшүнгөн коомдук уюмдар бар. Булар да окутуп жатышат. Азыр PISA сынагына катышуу менен билим берүү кайсы багытта кетип жатканын аныктап, аны дүйнөлүк стандарттарга киргизип, дүйнөдөн артта калбай арымдаш кетүү керек. Германия сыяктуу көп мамлекеттер билим берүүгө чоң каражат бөлөт. Бирок кеп акчада эмес экен. Финляндия билим берүүнүн сапаты боюнча алдыга чыкты. Аларда борбор шаардагы мектеп менен айылдагы мектептин деңгээли бирдей. Биздегидей жөнөкөй мектеп, лицей, гимназия деп бөлүнбөйт.
Сингапурду алсак, алар кайсы бир жаңычылдыкты тыкыр изилдеп, анан өзгөрүүгө барат. Тынымсыз өзгөрүү менен туруктуулукту кошо алып жүрөт. Бизде бул жагы башаламан. Жаңы келген министр эле "мага ушу жагат" деп системаны өзгөртө берет. Мындан арылышыбыз керек.
— Педагогдордун квалификациясын жогорулаткан мугалимдердин деңгээлин көтөрүү керек деген да маселе турат...
— Бул оор маселе көптөн бери коюлуп келет. Акыркы кезде сырттан чакырып келип лекция өткөрөбүз. Бул да болсо коллективдин деңгээлин жогорулатат. Эл аралык уюмдар атайын долбоорлор аркылуу жаңы технологияларды алып келип жатат. Мунун баары биздин институтка байланган. Алгач биз өздөштүрүп, анан өлкөгө жайылтабыз. Мурда институттун мугалимдери Москвага, Алматыга, Киевге барып окуп келчү. Ушул жагынан аксап жатканбыз, бирок акыркы кезде муну да колго алдык. Эл аралык тренингдерге катышкан кызматкерлерибиздин каржысын да көтөрө баштадык. Биздеги көйгөй Казакстан менен Өзбекстанда да бар. Ошол себептен биримдикте окууларды өткөрүүнү көздөп жатабыз. Азыр Эстония билим берүү жагынан абдан алдыга кетти. Мындан тышкары, Малайзия, Сингапурга барып окутуу системасы менен таанышып келүү планда бар.
Сочи спустя пять лет после Олимпиады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Балдарга интернеттен да кызыктуураак болушубуз керек. Педагог менен маанилүү маек
— Элеттеги мугалимдерди көтөрүүгө кандай көңүл бурулууда?
— Элетте буга чейин көп көйгөйлөр болгон. Британиялык педагог, изилдөөчү Майкл Барбер башында турган эксперттер 25 мамлекеттин билим берүү системасын иликтеп, он өлкөнүкүн мыкты деп табышкан. Кээ бир өлкөлөрдө билим берүүгө көп каражат бөлүнгөнү менен шаардагы мектептер гана өнүгүп, элет каралбай калгандыгы байкалган. Бизде да бир кезде шаарда буркан-шаркан түшүп билим берүү системасы оңолгону менен айылдарда жылыш болгон эмес. Бирок акыркы кезде кырдаал өзгөрдү. Бизге келген долбоорлор борбордо эле иштей бербестен, элеттеги мектептер менен да кызматташат. Жок дегенде ар бир аймактан бирден мектепти тандап алып окутушат. Облустагы, райондогу билим берүү борборлору менен тыгыз иштеше баштадык. Санарип технологиянын кириши да элеттиктердин мүмкүнчүлүгүн бир топ жакшыртты. "Санарип мугалим" сынагынан уткан мугалимдердин көбү Алматыга, Ташкентке, Дубайга барып келишүүдө.
— Негизи бүгүн элеттеги мугалимдердин деңгээлине кандай баа берсек болот?
— Бир кезде мамлекет мектептерге көңүл бура албай калганда "силер бизге тийишпегиле, биз силерге тийишпейбиз" деген мамиле болуп калган. Ошол учур мугалимдердин деңгээлин абдан түшүрүп жиберди. Аттестация да жоюлуп кеткен. Азыр аттестациядан өткөн мугалимдердин маянасына акча кошулуп жатат. Айлык көбөйгөн сайын иштегиси келгендердин саны өстү. Биздин институт кайра даярдоо боюнча лицензия алды. Азыр 15 багыт боюнча 200 мугалим окуп жатат. Айылда да мугалимдердин жакшысы, ортосу, деңгээли төмөнү бар. Өздөрү да мурдагыга караганда билим алууга далалат жасап, аракет кылышууда. Мугалимдерди эки багытта окутабыз. Биринчиси предметтик, экинчиси тематикалык багыт. Ал эми жогорку окуу жайлар менен суроо-талабына, сунушуна жараша иштешебиз.
— Коңшуларда деле биздегидей көйгөй бар деп айттыңыз...
— Биздин бир артыкчылыгыбыз — эл аралык долбоорлор менен жакшы иштейбиз. Мисалы, азыр медиасабаттуулук жана башталгыч класстарда билим берүүнүн мыкты технологиялары жөнүндө окутуулар жүрүүдө. Мындай окуулар коңшуларда жок. Ал эми Казакстан экономикалык жактан күчтүү болгондуктан мамлекеттик уюмдары күчтүү. "Өрлөө" уюму бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейин бир системага киргизип койгон. Буларга шарт да жакшы түзүлгөн.
Өзбекстандын мамлекет башчысы мугалимдердин квалификациясын өркүндөтүү багытында бир нече жарлыкты чыгарды.
Эл аралык Ала-Тоо университетинин студенттери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Өлкөдөгү билимдин деңгээли — экономиканын күзгүсү. Экономист менен маек
— Башаламандыкка жол бербөө үчүн жеке уюмдардын ишмердигин байкоо иши кандай жүрөт?
— Баары сапатка барып такалат. Мугалимдерди окутуп, кайра өзүбүз эле баалап жыйынтык чыгарабыз. Муну азыр талкуулоодобуз. Былтыр ваучердик система кеңири талкууланган. Курсту өткөрүп коюу менен маселе чечилбейт. Бүгүн мугалимге методикалык материалдарды даярдап берүү кажет.
Мугалимдер окууга келгенде Moodle программасына катталат. Окуу мөөнөтү аяктаганда тест тапшырып 60 баллдан жогору алса, система өзү эле сертификат берет. Болбосо албай калат. Жаңы жылга чейин өтпөй калгандарга кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилчү. Жаңы жылдан бери кайра тапшырууну алып салдык. Анткени мугалимдер менен сүйлөшүп алып, тесттин жоопторун алып алышат экен. Азыр өтпөй калган мугалимдер кийинки чакырылыш менен келип, кайрадан эки жума окушат.
— Директорлор да окутулуп жатты эле?
— Мектептин иши, билимдин сапаты жетекчиден түз көз каранды. Ошондуктан жетекчилер алмашып сынак аркылуу келишүүдө. Райондорду кыдырып окуттук. Жетекчи уюштургуч эле эмес, акча табууну да билиши шарт. Экинчиден ЖРТга, PISA сынагына балдарды даярдоо боюнча окуттук. Алгач жеринде үч күн окутуп, кийин онлайн-форматта да уланып, сертификат алышты. Окутуу дагы жүрөт. Анткени педагогдор буга муктаж. Директор болуп келгендердин айрымдары мурда завуч да болуп көргөн эмес. Ошол себептен кадрларды окутуу демилгесин сунуштап жатабыз, министрлик колдосо иштеп чыгабыз. Биринчиден, бул директордун өзү үчүн керек. Көп финансылык, чарбалык иштерди билип калат. Чынында окуудан жакшы натыйжа алган да, албай калган да директорлор бар. Азыр алдыңкы тажырыйба, сабактардын иштелмелерин карап жатабыз.
— Билим берүү жана илим боюнча мыйзамдын жаңы редакциясында мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга кандай орун берилди?
— Бул прогрессивдүү мыйзам болду. Атаандаштыкка, ваучердик окутуу системасына көп көңүл бурулуп, алдыңкы технологияларды киргизүүчү мыйзамдардын бири. Муну менен катар коррупциялык элементтерге бөгөт коюулуп, лицензия алуу өтө жөнөкөйлөтүлдү.
— Быйыл институт эмнелерге маани берет?
— Алдыдагы биринчи маселе — биздин кызматкерлердин деңгээлин жогорулатуу. Экинчиден, Кыргызстандын ичинде эле кайнай бербей эл аралык кызматташууну кеңири жолго коюшубуз керек. Жеке окутуу долбоорлорунун башын бириктирип, билбегенибизди бири-бирибизден үйрөнүп, ич ара алакада болсок. Жабыла көтөргөн жүк жеңил жана эффективдүү болорун билим берүү системасы өнүккөн өлкөлөр көрсөтүп жатат.
Окутууда мугалимге тандоо мүмкүнчүлүгүн беребиз. Кайсы форматта окууну кааласа баарына даярбыз. Бүгүн мугалимге эмне керек болуп жатса, аны киргизүү негизги максаттарыбыздын бири.
Кыргыз ССРинин эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов Фрунзе шаарындагы өз кабинетинде. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Айтматовду окуп эл өз турмушун башка өңүттөн көрдү. Адабий сынчы менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0