Кыргызстандык аскерлер Казакстандагы масштабдуу машыгууларга катышат

© Фото / пресс-служба Министерства обороны РККазакстандын Коргоо министрлигинин жыйыны
Казакстандын Коргоо министрлигинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык аскерлер Казакстанда өтө турган "Бірлестік" аттуу масштабдуу машыгууларга катышат. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Коргоо министрлигинин сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, аскердик иш-чара быйыл өтөт. Ага Кыргызстандан тышкары, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенти барат.
Беш өлкөнүн машыгуусуна "Батыш" (Казакстан) аймактык командачылыгынын Аскер-деңиз флоту, Аскер-аба жана атайын операциялык күчтөрү катышары маалым болду.
Кыргызстандын аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Кыргызстанда аскерлердин эмгек акысы үч жылда 50 пайызга чейин көбөйтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0