Газаны бомбалаган Израиль 20 миң адамдын өмүрүн алды. Анклавдагы азап

© AFP / MAHMUD HAMSИзраилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү аба соккусунан кийин адамдар жарадар болгон кызды эвакуациялоодо
Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү аба соккусунан кийин адамдар жарадар болгон кызды эвакуациялоодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Жазылуу
Өкмөттөн көз жумгандардын сегиз миңи балдар экенин айтышты.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Быйыл октябрдан тарта Израилдин Газа тилкесин бомбалоосу 20 миң адамдын өмүрүн жалмады. Мындай маалыматты Газа өкмөтүнүн маалымат кызматы таратканын РИА Новости "Аль-Жазира" телеканалына таянып билдирди.
"Газа тилкесинде Израилдин агрессиясы башталгандан тарта 20 миң адам каза тапты, 52,5 миңи жарадар болду. Алардын 8 миңи — балдар, 6,2 миңи — аялдар. Ал эми 6,7 миң адам бейдарек деп эсептелүүдө. Алар же уранды алдында калды, же тагдыры белгисиз", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, анклавдан түшкөн маалыматтарга таянсак, согуштан улам Газада 308 миң турак жай талкаланса, 53 миңи жашоого такыр жараксыз, 255 миңи жарым-жартылай бузулган.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кетти. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Октябрдын аягында Израиль армиясынын анклавдагы операциясы башталган. Газаны кургактагы каршылаш тараптын күчтөрү курчоого алгандыктан анклав түндүк жана түштүк аймакка бөлүнүп калган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны соңку маалыматтарда 20 миң кишиге жеткени, 52,5 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин билдиришинче, Израилден 1,2 миң киши көз жумган, 5 миң киши жарадар болгон.
ХАМАС башында Газа тилкесинде 200-250 туткун бар экенин маалымдаган. Израиль бийлиги менен элдешүү мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын колунда израилдик 126, чет элдик 11 киши калганын, уурдалган 110 адам бошотулганын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израильдин желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Израиль ХАМАСка согушту бир аптага токтотууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0